11:55 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
28 0 0

Фестивалга ислам маданиятын өнүктүрүү, дүйнө мусулмандарынын тилектештигин арттырууга, ошондой эле ажылык зыяраттын салты, Курман айт, Орозо айт майрамдарына, ыйык Куранга, Мухаммед пайгамбарга арналган тасмалар катыша алат.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Быйыл Ирандын борбору Тегеран шаарында биринчи жолу мусулман биримдигинин эл аралык кинофестивалы өтө турганын Кинематографты колдоо фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, ислам коомчулугунун башын бириктирүүнү көздөгөн бул фестиваль 3-9-май күндөрү өтөрү күтүлүп жатат. Мында сынак улуттук кино жана эл аралык кино жаатында жүрмөкчү.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө фестивалга ислам маданиятынын өнүктүрүү, дүйнө мусулмандарынын тилектештигин арттыруу, ажылык зыяраттын салты, Курман айт, Орозо айт майрамдарына, ыйык Куранга, Мухаммед пайгамбарга арналган тасмалар катыша алат.

Мындан тышкары, исламды туура эмес өңүттө чагылдырган агымдар жана диний багыттар боюнча тартылган даректүү тасмалар сынакка коюлат.

Тема боюнча

Кыска метраждуу тасмалардын фестивалына "Мыкты үн жасалгасы" номинациясы кошулду
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалын Океевдин "Жылкылары" ачат
Белгилер:
фестиваль, дин, мусулман, ислам, Иран

ЭҢ МААНИЛҮҮ