18:34 19 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR79.6224
  • RUB1.0406
Манас эпосу. Архив

"Манас" эпосундагы кыргыз салттары Кытайда талкууланды

© Фото / Отдел информационного обеспечения Академии наук КР
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
35021

Шинжаң педагогикалык университетинде иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары Кайыпов менен Исамидиновго аталган окуу жайдын профессорлук наамы тапшырылды.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кытайдын Шинжаң Уйгур Автоном районунун борбору Үрүмчү шаарындагы Шинжаң педагогикалык университетинин "Арашан" окутуу районунда "Манас" жана кыргыз салты" деген темада эл аралык илимий талкуу өттү. 

Анын салтанаттуу бөлүгүндө СУАРдын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Тиян Вын, окуу жайдын ректору Вали Барат, Кыргызстандын президентине караштуу "Мурас" фондунун башкармалыгынын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин куттуктоо сөздөрүн айтты. Андан соң ушул жерде иштей баштаган Сулайман Кайыпов менен Искендер Исамидиновго окуу жайдын профессору күбөлүгү тапшырылды. 

Пленардык жыйында Бээжинден келген профессор Лаң Йиң "Кыргыздардын бет тилүү салты жана анын "Манас" эпосунда чагылышы", Сулайман Кайыпов "Манас" – кыргыз маданиятынын гипертексти" деген темаларда, немис окумуштуусу жана котормочу Карл Райхл, Япониядан профессор Такао Нишиваки, Түркиядан келген аалым Эрдоган Алтынкайнак, казак окумуштуусу Булдырбай Анарбай, кытайлык кыргыз профессору Адыл Жуматурду эпостору кыргыз салттары тууралуу кызыктуу докладдарын жасады.

Эки күн төрт секцияда 48 баяндама жасалды жана талкууланды. Ал баяндамачылар Орусия, Япония, Кытай, Казакстан, Түркия, Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген. Биздин өлкөдөн академик Абдылдажан Акматалиев, профессорлор Жамгырбек Бөкөшев, Сагынбаева, Орозобекова, Мурзакметов, Дүйшеев катышты. 

Кийинки илимий талкуу-жыйынды 2016-жылдын августта айында Артыш шаарында өткөрүү пландалды.

Тема боюнча

Сариев өкмөт улуттук маданияттын үлгүсү болгон эпосторду өнүктүрүүнү колдорун айтты
Үчүнчү дүйнөлүк эпос фестивалына 15тен ашуун өлкөнүн өнөрпоздору катышат
Белгилер:
Манас эпосу, Синцзянь-Уйгур автономиялык району, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ