23:07 01 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
16 0 0

Тасма борбор калаанын чет-жакасында электр жарыгысыз күн кечирген эне-баланын жашоосун баяндайт. Автор биринчи планга үй-бүлөнүн тиричилигин алып чыгууга аракет кылган. Өнүккөн заманда жарыксыз жашаганына карабай, эне-баланын чексиз бактылуу жашоосу тасманын кульминациялык чеги катары таасын тартылган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Асел Жураеванын "Лампа" аттуу фильми документалдык тасмалардын "Россия" аталышындагы XXVI ачык фестивалына катышуу үчүн тандап алынганын Кинематография департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Россиянын Екатеринбург шаарында үстүбүздөгү жылдын 1-5-октябрь күндөрү өтөт. 

11 мүнөткө созулган документалдык тасма борбор калаанын чет-жакасында электр жарыгысыз күн кечирген эне-баланын жашоосун баяндайт. Автор биринчи планга үй-бүлөнүн тиричилигин алып чыгууга аракет кылган. Өнүккөн заманда жарыксыз жашаганына карабай, эне-баланын чексиз бактылуу жашоосу тасманын кульминациялык чеги катары таасын тартылган.

Фестивалда конкурстан тышкары адистердин талкуусу, семинарлар, мастер-класстар, көрүүчүлөр менен жолугушуу, кинематографияга арналган тегерек столдор, экскурсиялардын өтүшү пландаштырылууда. 

Тема боюнча

Венецияда өтө турган эл аралык кинофестивалга кыргызстандык тасма катышат
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Асел Жураева, "Лампа" тасмасы, фестиваль, кино

ЭҢ МААНИЛҮҮ