Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстандын баяндамачысы каржылык сабаттуулук боюнча материалдардын топтомун даярдады. Бул макалада акчаны кайсы валютада сактоо туура экенин, ошондой эле акча сакталган валюталардын артыкчылыктарын жана терс жактарын талдап берген.

Мурунку жолкусунда автор акчаны кантип көбөйтсө болорун, тыйын-тыпыр топтоонун жолдорун кенен айтып берген.

Кокус курс жогорулап кетсе, пайда таап алууга же, тескерисинче, куну төмөндөп кетсе маңдай тер менен тапканыңдан жоготуп алуу ажеп эмес. Ошондуктан валюталардын оң жана терс тараптарын карап чыгалы.

Бардык акчаны долларда сактоо

Мунун артыкчылыгы америкалык валютанын негизинен дайым өсүштө болгондугунда. Алыс кетпей эле былтыркы көрүнүштү мисал келтирели, март айында аталган валютанын наркы 70 сомдон 85 сомго дароо көтөрүлгөн. Бирок ошол эле жылы кайра 76 сомго түшкөн. Башкача айтканда, доллар арзандап да кетерин эске алуу абзел. Мындайдан мен да күйгөн жайым бар, кезегинде 80 сомдон ашык акчага сатып алсам, көп өтпөй кайра анын куну түшүп кетпеспи. Көңүл чөгөргөн абал, кейибей коё албайсың.

Киши капчыгынан акча алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш
Сатып алайын десеңиз эле кымбат курска кабыласыз, ал эми акча керек болуп алмаштырар убакта сатып алганыңыздан кыйла арзандай түшкөн болот. Жөн жерден чыгым тартасыз.

Америкалык валютанын куну өзгөрбөгөн күндө деле алмаштырууда бир доллардан 20-30 тыйын жоготосуз. Эгер топтогон акчаңыз азыраак болсо, анда чыгымыңыз анчалык сезилбейт.

Дагы бир терс жагы – банкта аманатты долларда кармоо, анткени бул валютадагы салымдардын пайыздары өтө аз, 1-4 пайызды гана түзөт.

Сом менен сактоо

Улуттук валютаны сыйлап жана сүйүүгө тийишпиз. Мекенчилдиктен тышкары да артыкчылыктары арбын. Сом түрүндөгү депозиттер абдан жогору, 5-6 пайыздан айрым түрлөрү боюнча узак мөөнөткө салынса 14кө чейин чыгат.

Башкача айтканда, туруктуулук өкүм сүргөн жылдары инфляцияны гана жаппастан, активдериңизди да бир аз жогорулатат. Дагы бир артыкчылыгы — чыгымдардын басымдуу бөлүгү адатта улуттук валютада болот, андыктан алмаштыруу операцияларында жоготууга учурабайсыз.

Бирок терс тарабы да жок эмес. Курс кескин жогорулап кетиши ыктымал, андайда чет өлкөлүк валютага айландырганда жыйнаган тыйыныңыздын суммасы азыраак чыгып калат.

Пенсия алып аткан кемпир. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2021
Мамлекеттин көзүн карабай пенсияга кантип акча топтоого болот. Жол-жобосу
Кыргызстан товарлардын басымдуу бөлүгүн сырттан импорттогондуктан, доллардын куну өскөндө баалар да асмандайт, сатып алуу жөндөмү төмөндөйт. Жогорку инфляция депозиттик ченди бөгөп коюшу мүмкүн.

Туруктуу жылдары банктагы аманат бир аз киреше алып келсе, каатчылык каптаганда чыгымга да кабылуу коркунучу бар. Маселен, 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын июлуна чейин өлкөдө инфляция 14,6 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, бул жылдык депозит боюнча ар бир ченден жогору.

Евро жана башка валюталар

Былтыр евронун куну 100 сомдон ашкан. Мындай өсүш жакшы көрсөткүч экени айныгыс. Терс тарабы – өтө төмөн пайыздык чени, быйыл жыл башында үч пайыздан ашкан эмес. Анан да бул валютада жергиликтүү банктардын үчтөн биринде гана аманат ачууга болот.

Дагы бир кемчилиги — сатып алуу менен сатуудагы айырманын чоңдугу. Эгер долларда бул 0,2-0,3 сомду гана түзсө, европалык валютада мындай айырма бир сомдон ашат.

Эске салсак, башка, британиялык фунт стерлинг өңдүү валюталар дээрлик өлкөдө тараган эмес. Ал эми тыйынды өлкөдөгү каржылык мекемелерде оңой алмаштырып же жайгаштырууга мүмкүн болгон валютада кармоо дурус.

Эмне кылуу абзел?

Банк карталары жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
Адатта банкирлер жана каржылык талдоочулар берген негизги кеңеш – диверсификация. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов тыйын-тыпырды үчкө бөлүп, сом жана доллар түрүндө, ал эми үчүнчү бөлүгүн алтын куймаларына салууга кеңеш берген. Башкача айтканда, топтогон каражаттын баарын бир валютада кармоо кооптуу.

"Жеке "портфелди" дайым диверсификациялоо кажет. Сом, доллар же алтын менен гана кармоо туура эмес ыкма", — деп түшүндүргөн Абдыгулов.

Кандай болгон күндө да кантип сактоо керектигин өзүңүз чечесиз, бирок алгач тыкыр изилдеп, негизги валюталардын оң жана терс жактарын салмактап алыңыз. Акыл калчаган соң гана чечим кабылдаган оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0