Еврокеңешти тескеп турган Шарль Мишель Жо Байденге "бекем трансатлантикалык альянсты калыптандырууну" сунуштады. Эгер ал бийликти колго алып, Ак үйгө баш бакса (ушундай болору айкын болуп калды), европалык жетекчинин бул каалоосунун ишке ашышына бардык негиз бар. АКШнын мамлекеттик катчылыгына болжолдуу кудаланган талапкер Энтони Блинкен "глобалдык альянстардын коргоочусу" болуп саналат. Мындай сунуштун келечеги тууралуу Ирина Алкснис ой калчаган.
Ошентип Европа өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча жана өзүнүн геосаясий ролун бекемдөөгө тырышып келе жатып эле Вашингтонго алардын өз алдынчалыгына жол бербей турган күчтөрдүн кайтышын кызуу кубаттоодо. Балким мунун жандырмагын төрт жыл мурунку окуялардан издеген оңдур.
Ак үйгө келгенде Дональд Трамп АКШнын катыштыгы менен даярдалып жана ал түгүл кол коюлган эл аралык келишимдердин көпчүлүгүнөн баш тарткан. Айтылуу Трансатлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк боюнча макулдашуу да ошондой тагдырга кабылган. Дүрбөлөң түшө берчүлөр Америка ошол келишим аркылуу Европанын ресурстарынын баарын өзүнө алат деп коңгуроо кагышкан.
Бирок өз мамлекетине экономикалык пайда алып келген ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого ашыккан Трамп Америкага узак жылдар бою "алтын жумуртка уялап берчү" бул иштен эч буйдалбастан баш тарткан. Анан да бул макулдашуулардын баары чындыгында Кошмо Штаттарга дегеле пайдасыз экенин билдирген. Балким бизнесте дасыккан америкалык патриоттун айтканы жөндүү чыгар.
Глобалисттердин (анын ичинде америкалыктардын да) улуттук кызыкчылыкты карманарын боолголоо чоң жаңылыштык. Алар үчүн Кошмо Штаттар негизги эмиссиялык борбор жана планетанын эң күчтүү армиясы катары маанилүү болушу мүмкүн. Бирок дээрлик 330 миллион калкы бар эбегейсиз өлкө аларга жүк болор. Анын өнүгүшүнө салым кошуп, көйгөйлөрүн чечүүдөн көрө андан кечип койсо болор. Антсе да глобалисттердин нагыз кызыкчылыктары жана сезимдери деле дүйнө жарандары катары башка нерселерге байланган болушу мүмкүн. Ошол эле Энтони Блинкендин бала чагынын басымдуу бөлүгү Парижде өтүп, анын калыптанышына европалык өгөй атасы таасир эткен. Андыктан мамлекеттик катчылык кызматта ал АКШнын улуттук кызыкчылыктары менен гана иш алпарарынан шек саноолор кыйла мыйзам ченемдүү. Мындан улам Европанын позициясы да түшүнүктүү боло түшөт. Акыркы он жылдыкта ал өз көздөгөнүнө түп-тамырынан америкалык тереңдиктен ажыратылган мамлекеттин жардамы, ошону менен бирге эле "эркин дүйнөнүн лидери" жана жападан жалгыз күчтүү державанын алдында тизе бүгүү менен жетүүгө үйрөндү. Иран өзөктүк келишимин эле эстеңиздерчи, жарым-жартылай ал Обаманын президенттигинин эң чоң жеңиши деп да аталып жүрбөйбү. Бирок ал келишимге АКШга караганда Евробиримдик көбүрөөк кызыкдар эле. ЕБ дале көп мамилелерде Кошмо Штаттарга муктаж, маселен, өз армиясын түзүү далалаты азыр көрсөтүүгө тырышканчалык деңгээлде эмес. Бул жаатында америкалыктарга альтернатива болууга жакын арада жетишери мүмкүн эмес.Евробиримдик үчүн Россияга геосаясий, экономикалык жана ошол эле аскердик тең салмак керек. Ал эми Москвада батыш багытында бир топ жагымдуу шарттар жаралууда, бул батыш европалык борбор калааларга жагары арсар. Натыйжада бир кызык жагдай байкалат: Европа көпчүлүктүн көзүндө АКШ үчүн чыгыштоо каражаттары гана сымал, бирок чындап келсе америкалыктарды аёо зарыл. Алар европалык айлакерликтин курмандыгына айланып, өз элитасы тарабынан сатылышы ыктымал.