Атасы үч жашар уулун дубалга жабыштыра чапты. Дарыгердин күйгөнү эмне?

© AFP 2023 / JAY DIRECTOОоруканадагы наристе. Архив
Ооруканадагы наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер Эркингүл Койбакова бул ирет арак адамды эмнеге айлантарынан кеп салууну чечти. Ооруканада иштеп турган убакта ал жүрөк титиреткен окуяларды көп эле көрдү.

"Уулумду жакшылап текшерип бериңизчи", — деп жалбарып турду жаш эне. Үч жашар бала чыңырып жатты, башында томпойгон чоң шишик көрүнүп турат.

Келин эмне болгонун баштан-аяк айтып берди… Мойнума алайын, анын сөзүн эстегенде алигүнчө денем титирейт. Күйөөсү үйүнө ичип келиптир. Адаттагыдай эле идиш-аякты талкалайт, анан албетте, аялына кол көтөрөт. Кичинекей уулу ыйлап кирет. Үй ээси: "Басылт!" – деп бакырат. Эне перзентин сооротууга аракет кылган маалда тарбия бермекчи болуп атасы аралаша калат.

Приготовление мяса в Абхазии - Sputnik Кыргызстан
Чоң эле киши тойдон соң онтоп, ыйлап келген. Хирург агынан жарылганда
Ал киши наристени алып туруп, дубалга башын каратып бир урган. Бала эсинен танат. Аялы уулун көтөрүп ооруканага чуркайт. Биз милиция чакырдык.

Баланы ооруканага жаткырууга туура келди. Адатта, тартип сакчылары менен сүйлөшкүм келбейт, бирок бу жолу милиция бөлүмүнө өзүм кирип бардым. Чоң муштум ата сөрөй мыйзамдын болгон катаалдыгы менен жазаланышын кааладым…

…Оорукананын далисинен кыйкырыктар угулуп калды. Кушеткада аракка ууланган киши жатат. "Мен мында өлүп баратам! Силерге акча эле керек, айбандар!" — деп оорукананы үч көтөрө ызы-чуу салууда. Болгон ачуусун медайым, санитаркалардан чыгарып жатты, баарынан да аялы көп жабыркады. Жашаялмет эне эки кенедей баласынан бул көрүнүштү жашыруу далалатында. Алар да энесин этектей акырын ыйлап жатышты. Аялдын колдору бүт көгала.

"Мага чылапчын бергиле, кускум келип турат", — деди бейтап. Айтканын кылса, кайра айнып, медициналык кызматкерге асылып кирди.

Ошол күнү доктурлар таптакыр жетишпей, төрт бөлүмгө бир врач нөөмөттө эле. Бирок кызуу бейтапка аны түшүндүрүш кайдан?.. Акыры аябай чаалыккан доктур ага жеткен кезде жаңжал чыкты.

"Ооруканага жаткыралы. Коляскага отуруңуз, сизди бөлүмгө жеткиришсин", — деди врач. Бейтап: "Мен силерге майып белем?! Коляскаңарга отурбайм! Кушеткага жаткыргыла мени. Жеткиргиле, түйшүк тартпайсыңар",- деп чаң салды.

Протест против закрытия родильного дома в Ле-Блан - Sputnik Кыргызстан
Аялынын толгоосун күйөөсү тартып алган. Оштогу акушердин маеги
Алдап-соолап жатып аны коляскага отургуздук да бөлүмгө алпардык. Ал анда да тынч жатпады, аялын ашата сөгүп, асма уколду жулуп, медайымдарды кубалап…

Эң жаманы, аны ошондой ыплас тейде өз балдары да көрдү. Ыйга муунушту, бирок аларды үйүнө жеткирүү эч кимдин акылына келбептир.

Өздөрүн "аракеч эмесмин, жөн гана ууртап-татып коем" деген адамдарга айтарым бар. Эгер сиздин көңүл ачар эрмегиңизден жакындарыңыз жапа чегип жатса, олуттуу көйгөйүңүз бар экендигин мойнуңузга алууга мезгил жетти. Жардам сурап кайрылыңыз, туугандарыңызды азапка салганыңыз жетишет.

Айтмакчы, апалар деле өздөрүн дайым үлгүлүү алып жүрүшпөйт. Эркингүлдүн кокуй энелер тууралуу баянын да окуп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0