Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жүрөгүн багындыра албасаң, жигиттигиң кайсы?!

Жазылуу
Кутман таң! Ар бир үйгө жаркын маанай жана бактылуулук ыроолосун!

Таң эрте үй-бүлө жөнүндө жазып жатканым да жөн жерден эмес, соңку окуялар төбө чачты тик тургузду. Аз күндүн ичинде ак халатчан дарыгер, ак жоолукчан жар болом деп жүргөн Бурулай он гүлүнөн бир гүлү ачыла электе бейажал кете берди. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө ала качуунун азабын тартса, акыры адамдарды коргойт делген милиция бөлүмүнөн ажал тапты. Милиция кызматкерлери кантип актанбасын, баары бир алардын шалаакылыгы дейбизби же башка жагдайы барбы, айтор, коомчулук муну кечире албай турат.

Эми бул кылмыштуу ишке барган жигит, жок, балким ал "жигит" деген сөзгө татыктуу эместир, эркек киши дейличи. Анын жасаган кадамдары бери дегенде эле эркектик сапаттан алыс, алсыз экенин көрсөттү. Сүйбөгөн адамды ала качып барып күч колдонуп жашап өтөм дедиби? Ойлоп көрүңүздөрчү… Сени сүйбөгөн кыз кантип жарыгын чачып, жылмайып, жүзүңдү карап, колуңду кармап жаныңда жар болуп жүрө алат? Кыз деген мал эмес го, айдап келип байлап алсаң, сүт бере бергидей… Жигиттер, жигиттиктен тайбайлы! Эгер сен бир кыздын жүрөгүн багындыра албасаң жигиттигиң кайсы? Кара күчтү каптап келген жоого көрсөтөлү!

19 жаштагы чырактай кыздын кандуу өлүмү дүйнө коомчулугунун да көңүлүн бурду. Ал эми Кыргызстандын өкмөт башчысы окуядан бир жума өткөндөн кийин үн катты. Өз кезегинде буга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да көңүл буруп күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону тапшырды.

Анан ушул эле күнү ИИМдин ички тергөө кызматы кыздын бычакталышына жол берген кызматкерлерге карата иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, 23 кызматкер жоопко тартылып, анын 5и кызматтан кетирилип, 8 кызматкер иштен алынды. 7 кызматкер кызмат ордуна туура келбей турганы аныкталса, калгандарына дисциплинардык жаза берилген. Иштен алынгандардын катарында райондук, облустук милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен орун басарлары бар. Бирок, коомчулук мындай жаза менен чектелбеш керек деген пикирлери жазууда. Иштин жүрүшүнө дагы көз салып туралы.

Ал эми Укук коргоо органдары мамлекеттен акча уурдагандарды аныктоо ишин улантууда. Кечээ, Токтогул ГЭСин оңдоого кеткен 21 миллион сомдун максатсыз пайдаланышы, жана Күрүпсай ГЭСи боюнча тендер өткөрүүдө 1,7 миллион сомдун кумга сиңген суудай жоголушу боюнча кылмыш иши козголду.

Интернетке Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримов менен азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө маеги жарыяланды

© YouTube/ UzNews uzУникальное видео беседы Мирзиёева и Каримова опубликовано в Интернете
Уникальное видео беседы Мирзиёева и Каримова опубликовано в Интернете - Sputnik Кыргызстан
Уникальное видео беседы Мирзиёева и Каримова опубликовано в Интернете

Узаган жуманын ичинде өлкөдө жана дүйнөдө болуп өткөн кызыктуу окуяларга сүрөттөр аркылуу саякат кылыңыз

© AFP / LEON KUEGELERДрессировщик собак в городе Дюльмен
Дрессировщик собак в городе Дюльмен - Sputnik Кыргызстан
Дрессировщик собак в городе Дюльмен

Өлкө аймагына алынган аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.26 (сатып алуу) жана 68.49 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыңыр иш кырк жылда билинет!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0