Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10.15. Күлгө айланган акча...

Жазылуу
Кутман таң! Күндү күлүп тосуп алалы!

Кырсык каш-кабактын ортосу демекчи, кечээ "Ош" базарында кайрадан өрт чыкты. Окуя Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Соодагерлерге эле жаман болду. Байкуштардын карандай мээнет менен тапкан акчасы бир заматта күлгө айланды. А болбосо айрымдары балдарын ошол жерден иштеп тапкан акчага багып, кара курсактын камын базардан көрүп жаткан да. Тилсиз жоонун асмандан көрүнүшүн бул жакта.

Баса, кечээ эле "Ош" базарында биринчи чыккан өрттүн кесепети такталды" деген маалымат чыккан эле. Атайын комиссия тилсиз жоодон зыян тарткан ишкерлердин тизмесин жаңы эле тактап бүтсө, бул ага кошул-ташыл болду окшойт.

5-март күнү өлкөдө Ак калпак күнү да белгиленди. Бул майрамды Бишкек шаарынын тургундарына салыштырмалуу аймактардын эли жакшы өткөрдү окшойт. Айрыкча, Ош, Каракол жана Нарын шаарлары майрамды шаңдуу белгилешиптир.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПраздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше
Праздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше - Sputnik Кыргызстан
Праздничные мероприятия, приуроченные ко Дню белого калпака в Оше

Мырзалардын сынын арттырган улуттук баш кийим жөнүндө инфографикадан толук тааныша аласыздар. Айтмакчы, дүйнө кыдырган ак калпактын сүрөттөрүн да көрүп койгула. Кечээ майрамды утурлай бакчадагы балдардан бери калпак кийип барыптыр. Уулума кийгизем деп унутуп коюптурмун, "досторумдун калпагы бар" деп улуттук баш кийимди бүгүн кие келди. Сыналгыдан балдар калпак кийип комуз черткенин көрүп жүргөн неме эми "комуз алып бер" деп кыйнай баштады.

"Карыганда ар бир адам ойлонот. Бул эмне?" деген табышмак жашырсаң баары "пенсия" деп жооп берсе керек. Аз да болсо акча да, кимдин кийин пенсия алгысы келбесин. Бирок азыр жарандарыбыздын көбү чет жактарда иштеп пенсияга чыкпай каламбы деп да санааркайт. Мындан улам кабарчыбыз Бегимай Бакашева бул маселенин күңгөй-тескейин териштирип көрдү.

Кабарчыбыз Эламан Кармышаков даярдаган соцтармак кызыктарын да окуп койгула, арманда калбай.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 67.99(сатып алуу) жана 68.23 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.40 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, ал эми дизель майы 42.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кырсык, алааматтан Кудай алыс кылсын!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0