Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жогорку маяналуу кесиптерди түзүк эле ыйлаттык

Жазылуу
Арыбаңыздар, кыштын кыраан чилдеси менен кармашып жаткан мекендештер! Кечээ эле саргайып турган дарактар бубактанып айлананы көрккө бөлөдү.

Синоптиктер бүгүн өлкө аймактарын туман каптап, суук болорун эскертет. Бирок дарактардын акка боёлуп турган көрүнүшү өзүнчө бир кооздукту жаратты. Кечээ өзүнүн чыгармалары менен дүйнө жүзүнө таанылган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленди. Залкар жазуучу көзү тирүү болсо 89 жашка чыкмак. Улуу инсандан туулган күнү бир эле Кыргызстанда эмес, бир нече өлкөлөрдө белгиленди. Бул күндү утурлай кесиптешим Мирбек Сакенов жазуучунун эл көрө элек сүрөттөрүн чогулткан

Мектепти бүтүп жатканда арканды алыс таштабай эле экономист, юрист сыяктуу пачкасы менен таңгакталып турган адистиктерге барып алабыз. Алардын арасында мени да кошсоңуздар болот. Анткени үйүмдөгү сандыктын түбүнөн экономика адистигинин диплому орун алган. Эгер билсеңиздер ушул учурда капчыгыңды толтура турган кесиптер көз жашын көлдөтүп гана кала берет экен. Ал эми окууну бүтүп жумуш издеп калганыбызда жанагы кесиптер алыстан карап мыйыгынан күлөт дешет. Кыргызстандагы жогорку маяналуу 10 кесип

Күнүгө эртең менен, кечинде унаа тыгыны кокоңузга тикенек болуп сайылса керек. Кыргыз окумуштуулары бул көйгөйдөн арылуунун беш ыкмасын сунуштады

Канчалык окумуштуу, билимдүү, интеллигент болбо, бирок эне тилди билип жүрөлүчү. Германияда эки кыргыз бири-бирин түшүнбөй немисче сүйлөшүштү. Кечирип койгула, ушул жери "айдай чырайды иттей кыял бузат" дегендей болуп калды.

Эгер жаңы жыл алдында муктаждарга жардам берүүгө ниет кылган болсоңуз ушул кайрымдуулук фонддор аркылуу байланышуу жолун таба аласыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ийгилик коштосун!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0