Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жол кырсыгы 700гө жакын адамдын жанын алды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип тирүүлүктүн дагы бир таңы атты. Иш жуманын акыркы күнүндө ар кайсы жумуштарды бүтүрүп алууга ашыккандардын үйдөн чыгып, ар кайсы тарапка бет алган чагы. Ошол адамдардын баары кечинде жакындарына аман-эсен кайтса экен деп тилек кылам.

Анткени үйүнө кайтпай калгандар көп. Мисалы, кечээ милициянын берген маалыматына караганда жол кырсыгынан эле 10 ай ичинде 695 киши каза тааптыр. Авариялардын 33,8 пайызы катуу ылдамдыктан улам болот экен. Абайлагылачы, айланайындар.

Оолуккан айдоочу. Жаңы эле өкүнүчтүү көрсөктүчтөр тууралуу айтып, оозубузду жыйгыча Жалал-Абад шаарында өткөн үлпөт тойго катышып жаткан мас адамдар жол эрежесин бузуп, бир топ чуу чыгарышты. Милиция кызматкеринин эскертүүсүнө баш ийбей каршылык көрсөтүшкөндө, укук коргоочулар асманга ок чыгарууга аргасыз болушту.

Унаа, жол, айдоочу демекчи, учурда унааны кайра каттоонун баасын арзандатууга багытталган токтом долбоору Мамкаттоо кызматы тарабынан иштелип бүтүп, министрликтердин кароосунда турган чагы. Эгер бул токтом ишке ашып калса, унаа каттатуунун баасы үч эсеге арзандайт. Тагыраагы, мурда орто эсеп менен 1-1,2 миң сомго жеткен баа 300 сомго чейин төмөндөйт.

Бензин. Айдоочуларды жакшы кабар менен кубанталы деп жатсак эле ЖМКлар бензин менен дизель майынын жетишсиздиги тууралуу маалымат таркатышты. Бирок Кыргызстандагы күйүүчү майдын запасы бир нече айга кенен жетерин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Мекенине сөөгү кайткандар. Ал ортодо жыл башынан бери Түркия мамлекетинен 12 кыргызстандыктын сөөгү алып келингени маалым болду. Тышкы иштер министрлигинин билдиришкендей, Кыргызстандын элчилиги тарабынан үч, консулдук тарабынан тогуз адамдын сөөгү мекенине кайтарылган.

Жагымдуу кабарлар дагы болбой когон жок. Мектеп директоруна таарынган бойдон үч күн дайынын билдирбей жүрүп, араң табылган окуучу кайрадан окууга кирди. Өспүрүмдүн энеси менен мугалимдери бир пикирге келишип, баланын окуусунун уланышына шарт түзүп беришти. 

Сүймөнкулдун эстелиги. Бишкектин чок ортосуна айтылуу Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги коюлду. Ачылыш аземге премьер-министр Сапар Исаков, калаа мэри Албек Ибраимов баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Баса бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

Андыктан, зарыл ишиңиз болбосо, үйдө жылуу-жумшак отурганыңыз жакшы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.66 (сатып алуу) жана 69.70 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.70 сом, ал эми дизель майы 36.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сактансаң сактайм дейт!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0