10:49 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Вице-премьер Темир Жумакадыров менен коштошуу зыйнаты

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көзгө жаш алган ажо, жалп өчкөн жылдыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
244 0 0

Кутман таң! Өмүр өтө берет, тирүүлүктө көңүл калтырышпайлы!

Бүгүн бар, эртең жокпуз. Бул жашоо түбөлүк эмес экенин жаныбыздагы жакын адамды жоготкондо түшүнө баштайт турбайбызбы. Кечээ эле Темир Жумакадыров, жардамчысы, айдоочусу үй-бүлөсү менен бапырап бир дасторкондон даам сызса, бүгүн алардын орду бош калды. "Аттиң" дегенден башка арга жок. Кыргыздын кырчындай болгон уулу 9-октябрда жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатууга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, ЖК төрагасы жана маркумдун туугандары келишти. Митинг-реквием Кыргыз драма театрында өттү.

© Sputnik / Эмиль Садыров
Жумакадыровдун тажиясында Атамбаевдин көзүнө жаш тегеренди. Видео

Президент маркумду акыркы сапарга узатып жатып, көзүнө жаш алып сүйлөп, анын бир жарк эткен жылдыз болгондугун айтты.

Ич ачышпаган адам калган жок. Ажалга айла жок экен, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаткан жерлери жайлуу болсун, топурактары торко болсун демекчибиз!

Ал эми жол кырсыктары күндөн күнгө көбөйүп, жазбайын десең дагы аз дегенде бирден адамдын өмүрүн алууда.

© Sputnik / Эламан Карымшаков
Бишкектеги жол кырсыгынан талкаланган автоунаалардын видеосу

Ажобуз кээде айрымдарды чычалаткан, кээ бирин таңгалдырган сөздөрдү "балп" эттирип коймой жайы бар. Sputnik Кыргызстан президент Алмазбек Атамбаевдин башкаларды козголткон сөздөрүн тизмектеп көрдү.

Кечээки окуялардан көбүбүздүн оозубузду ачырган дагы бир маалымат кокустан кош бойлуу болуп калган 7-класста окуган кыз болду окшойт. Эми байкуштун андан аркы тагдыры эмне болот. Буга кимди күнөөлөштү да билбейсиң. 

Жаман жаңылык жазганга кол да барбай калды. Кейисек да, кайгырсак да тирүү жандын өмүрү улана берет. Келгиле, андан көрө соцтармак кызыктарын бир тизмектеп көңүл көтөрүп алалы. Анын ичинен мага бий өнөрү менен интернетти багындырган Нурпери Тургуналиева "Лучше всех" долбооруна барып россиялыктарды таң калтырган видеосу жакты. Тамашакөй милиционер байкенин видеосу да көңүл кош калтырган жок.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.35(сатып алуу) жана 68.66 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыктар көп болсунчу!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Белгилер:
Мунай, президент, валюта, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ