Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жапаровдун кесилиши кимдин жүрөгүн "болк" эттирди

Жазылуу
"Биздин сот дүйнөдөгү эң гумандуу сот" деп кыйкырган актерду жана ошол кинону билесизби. Айтайын дегеним кечээ Жапаровдун жактоочулары алгач ушинтип кыйкырып, бирок бир саамдан кийин эле шаабайы сууп калды.

Жапаровдун жарааты. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл алты ай эркинен ажыратты. Алгач аны бир нече беренелер боюнча актап, кийин Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деген айыбын угузду. Учурда соттолуп жаткан башка депутаттар эмне болорун күтө туралы.

Кыргызстанда соттун чыгарган чечимине бир даары уу-дуу нааразы болуп жатса, Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун генералдарга кантип таамай атуу керектигин көрсөткөн видеосу катуу талкуу жаратууда. Кудум "Голливуд" стилинде тартылган тасма айрымдарга аябай жакса, бир катарлары боорун тырмап күүлүүдө. Сиз да аны өткөрүп жибербей көрүп коюңуз. 

Баарыбыз эле кичине кезибизде шоктук кылсак керек. Ал эми эл оозуна алынып калган кишилердин балалык чагы, деги эле алар тууралуу кызыктуу фактылар баарыбызга кызык. Быйыл үчүнчү мүчөл жашын белгилеп жаткан Ыргал Кадыралиева жөнүндө кызыктарды бул жактан окуңуз. 

Япондордун боз үйү. Японияда сырткы көрүнүшү кудум боз үйгө окшогон үйлөр курулуп, ал өзүнүн жылуулугу жана ыңгайлуулугу менен көптөрдү кызыктырууда. Ал болгондо дагы пенопласттан салынып жатыптыр. Мындай үйлөр жер титирөөгө дагы жакшы туруштук берет экен. Балким ушундай үйлөрдү Кыргызстандын жер титирөө көп болгон Алай районуна салсак кантет, ыя?

Күз келип той-топур эми дуулдайт эмеспи. Күзүндө кызын күйөөгө узатып, кыргыздын салтын билбей жаткандар болсо "Кыз узатуудагы "7 болбойт" дал сиз үчүн жазылган. Аны окуп, бир сыйра этек-башыңызды жыйып алсаңыз болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.03 (сатып алуу) жана 69.44 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күз күрөш демекчи жеңди түрүнө талаадагы жана саясаттагы "түшүм" жыйноого акырындык менен кирише берели. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0