Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. "Сахнада" өзү жылдыз болгондор...

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сиздин жакшы эс алганыңыздан күмөнүм жок. Алмазбек Атамбаев уктады болду бекен? Кулагы кызарып, таң атканча көз ирмебей жатты болуш керек.

Кыргыздын кыйын, акылман экендиги кечээ күнү дагы бир ирет далилденди. Эстүү элбиз да. Экинин бири ажонун айткандарын сындап, ырга салып ырдап, айгай салып чырдап эле жатып калдык. Бешиктен бели чыга элек балдар президентке насаат айтканда суктанасың го, чиркин. Бизде акылман, көрөгөч, даанышман, кыраакы, илимдүү, билимдүү, кеменгер адамдарыбыз көп. Тамекинин калдыгын жолго ыргытабыз да, ажобузга акыл үйрөтүп туруп, чыйт түкүрүп басып кетебиз.

Жогорку Кеңеш тарагандан бери саясаттын сыйкыр суусуна акактап араң турган "акылмандар" Атамбаевдин айткандарын өзү каалагандай, өзүнө жаккандай, кулагынын кычуусу кангандай кылып талдап, чечмелеп, бурмалап алышты да моокуму канып, магдырап гана отуруп калышты.

Ал эми "журт башчыбыз" адаттагыдай эле жай отуруп, оюна келгенин ойт дебей төгүп, бирде ачууланса, бирде күлүп журналисттердин суроолоруна жооп берди. Кыскасы кечээ "сахнада" өзү жылдыз болуп, дагы бир ирет жарк этти.

Анда ажобуздун айткандарына кыскача токтолобуз.

Атамбаев а дегенде эле Чехиялык компаниянын ГЭСтерди куруу маселеси боюнча кеп баштап, Американын мамилеси, 12-майдагы окуя жана Чыныбай Турсунбековдун дымагы боюнча айтып берди.

Анан албетте, салттагыдай Акаев, Бакиев тууралуу сөз айтып, Белизгейт баянына токтолду.

Өлкө башчынын айткандарын толугу менен окуйм дегендер болсо бул жактан күтөбүз.

Баса, ажобуз бул ирет Аскар Акаев минбеген Mercedes-Benz, элде жок байлыгы тууралуу айткан жок. Жетишпей калды окшойт.

Байлык демекчи, үрүп чыгар ити жок депуттардын тизмесине баш бакканды унутпаңыз.

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭтнофестиваль "Тэскей жээк" на южном берегу Иссык-Куля
Этнофестиваль Тэскей жээк на южном берегу Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Этнофестиваль "Тэскей жээк" на южном берегу Иссык-Куля

Жетишет! Тойдум! Саясатты көрүүгө көз жок дегендер болсо өткөн аптадагы кызыктуу сүрөттөрдү сунуштайм.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Тилде сөөк жок.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0