Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ажолукка аттангандарга жол ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Жогорку Кенеша в Бишкеке
Здание Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз ирмемде бейшемби артта калып, кайрадан жаңы күндүн таңы атты. Бул күн да заматта эле өтүп кетери бышык, андыктан бекер отурганча билек түрө ишке киришели.

Өтүп бара жаткан апта тарыхый окуялар менен эсте калды десек болот. Анткени президенттик шайлоого расмий түрдө старт берилди. Эми суурдай болуп ар дөңдөн башын чыгарган талапкерлер расмий түрдө катталып, бар же жок экенин билдирет. Антпесе ар бир экинчи кыргызстандык барат имиш деген эле кептер тарап жатат. Алгач партия лидерлери чыга баштаса, акырындык менен алардын жолун улагандар көбөйдү. Башкысы мурункудай болуп ажолукка аттангандар алтымыштан ашпаса болду. Оозу менен ойду омкоруп, тоону томкоргондорду иш жүзүнө келгенде эле ит менен издеп таппай калабыз.

Анткен менен быйыл талапкерлердин саны азыраак болору айтылууда. Анткени күрөө мурункудай 100 миң сом эмес, андан 10 эсеге көп. Ал ортодо БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул шайлоо тарыхта болуп көрбөгөндөй таза, ачык өтөөрүн айтты

Жакшы тилек — жарым ырыс деңизчи, бирок БШК Өмүрбек Текебаев шайлоого катыша турган болсо кандай нукта иш алып бараарын билбейт экен. Ушул маселени ары же бери кылып алса жакшы болмок экен.

Президенттик шайлоо демекчи, бул ирет күздөгү "чоң тойго" 700 миллионго чукул каражат коройт. Тапкан байлыгын тойго чачып, эртеси Россияга бет алган айрым жарандар сыяктуу Кыргызстан жыл узабай шайлоо өткөрүп, эртеси грант сураганды көнүмүш адатка айлантып алгандай. 2015-жылы ЖКга, 2016-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтсө, 2017-жылы президенттик шайлоо өткөнү турат. Айтор, күндө майрам, күндө той.

Башкысы ден соолугубуз чың болсо, калганы табылат эмеспи. Андыктан гемофилия илдетинен алыс болуңуздар. Бул эмне болгон илдет десеңиз бул жактан күтөбүз

Ден соолук чың болсо, атаңызга берилген орденди алууга да аракет кылсаңыз болот.

Ал эле эмес, кайрымдуулук кылганды да унутпаңыз.

Бүгүн борбор калаада күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.45 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Башыбыз аман болсо, алтын аяктан суу ичебиз.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0