Амансызбы бурадар? Өлкөдө 10:15. Капотко сүйрөлгөн милиционер, таң калтырган Бишкек

© Sputnik / Табылды КадырбековПлощадь Ала-Тоо в городе Бишкек
Площадь Ала-Тоо в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн мен алгачкы жолу "Бурадар" жазып жатам, жазасың деп жооптуу редакторубуз айткандан бери, оюм онго бөлүнүп, эмнеден баштасам деп башым катып жүрдү. Бирок менин багыма кечээ лентабыз жаңылыктарга бай болду.

Көз жоосун алган Бишкек. Алгач жакшы кабарлардан баштасак. Көпчүлүгүбүз "жакшы көргөн шаарың кайсы, кайсыл шаар кооз? "деп сураса, "Лондон, Париж" деп жооп беребиз. Бирок борбор калаабыздын да өзүнчө кооздугу, касиети бар. Аны айрым тургундар баалабай жүрсө, Самарадан келген сүрөтчү Арсений Сычов Бишкекти башкача ракурстан тартып, анын ажайып кооздугун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. Чындыгында көз талдырган сүрөттөр экен… 

Капотко сүйрөлгөн милиция. Бишкекте бир күндө эмне деген окуялар болбойт. Айрымдарын угуп күлкүң келсе, бир чети туруп зээнди кейитет. Манас жана Чүй проспектисинен 52 жаштагы айдоочу 32 жаштагы Кайгуул милициясынын инспекторун машинанын капотуна жаткырып бир топ аралыкка чейин айдап кеткен. Инспектордун "токтоңуз" деп айткандарына карабай аны машинанын капотуна жаткырган бойдон айдап баратып бир топ аралыктан кийин башка инспекторлорду көрүп токтогон.

Бул жактан жол эрежесин бузган айдоочулар милицияны унаага сүйрөп жүрсө, Ошто карышкыр кол салган адамды чек арачылар аман сактап калышкан.

Жалгыз бой энеге жардам. Тирүүлүктө бири-бирине жардам берип, колдон келип турганда кайрымдуулук кылып туруу адам баласынын милдети эмеспи. Үч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулук фондусу каражат чогултуп, Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курууда. Өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалай турган үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Кыргызстанда кышында бышкан дарбыз. Ош облусунун Араван районунун тургуну алгачкы жолу күнөсканадан дарбыз өстүрдү. Килограммы 100-120 сомдон сатылган дарбыз Кыргызстанда кышында күнөскана бышкан алгачкы түшүм болуп саналат.

Ал ортодо аңчылыкка тыюу салууну депутаттар колдобой койду. Мергенчиликке 2025-жылга чейин чектөө койгон мыйзам долбоорун колдобогон депутаттардын тизмеси бул жакта

Эми аба ырайына токтолсок, бүгүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.10 (сатып алуу), 69.37 (сатуу) сомду түзөт.

Мунай баасы. Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Сөз соңунда. Сөз соңунда. Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста.

Бардыңыздарга жагымдуу күн каалап Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0