Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жаз келди... Маанай кандай?

Жазылуу
Достор, жаздын алгачкы күнү менен куттуктайм. Аба ырайы анча эмес болсо дагы жан дүйнөңүзгө жаз келип, жаңылануу болсун.

Путиндин Кыргызстанга сапары. Россиянын президенти кыш айынын акыркы күнүндө Бишкекке расмий сапары менен келди. Аны аэропорттон кучак толо кыпкызыл гүл менен тосуп алышты. Атамбаев менен Путин тар чөйрөдө жана кеңири жыйында жолугуп, үч документке кол коюшту. Орус президентинин иш сапары учурунда кандай сүйлөшүүлөргө жетишилгенин бул жактан окуңуздар

Жаз айы. Жер жарылып көк чыгып, желин жарылып сүт чыккан март айында аба ырайы кандай болору элдин баарын эле кызыктырса керек. Жазгы суук жандан өтөт дегендей, күн нурун чачса эле жылуу болуп жатат дебей, чындап күн ысыганга чейин жылуу эле кийингиле. Ии баса, 8-март майрамында күн кандай болорун да бул жактан окуп алыңыздар.

Митинг, митинг… Текебаевдин тарапташтары 26-февралдан бери митингге чыгып, аны бошотууну талап кылып келишет. Кечээ Путин менен жолукканда Атамбаев Текебаевдин айланасында болуп жаткан иштер боюнча да айтып, коррупция боюнча иш акырына чыгарын айтты. 28-февралда Текебаевдин жактоочулары УКМК имаратынын алдына чыгып митингин улантышты

© Sputnik / Максат ЭлебесовМитинг сторонников депутата Текебаева у здания ГКНБ в Бишкеке
Митинг сторонников депутата Текебаева у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Митинг сторонников депутата Текебаева у здания ГКНБ в Бишкеке

"Дордой" кыйын экен. Бишкектин "Дордой" клубу тажиктердин командасын жалпы эсеп боюнча утуп алды. Эки команда алгач Ошто беттешкенде биздин футболчулар аларды 1:0 эсебинде утуп, Душанбеде болгон оюнда 1:1 эсебинде тең чыгышты.

Отко киргизүү деген эмне? Кыргыз өзүнүн салт-санаасы, жөрөлгөлөрү менен жашап аны кылымдан кылымга, атадан балага мурас кылып берип келет. Мына ошондой каадалардын бири отко киргизүү. Анын мааниси, маңызы эмнеде экенин билип алуу баарыбыз үчүн керек.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.06 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 38.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Өлбөгөн жанга жаз келди. Жазда сезимдер ойгонуп, сизге жылуу сөз айткандар көп болсун. Расул Үсөналиев

Жаңылыктар түрмөгү
0