07:36 22 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Жогорку кеңеш. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Элди эриктирбеген эл өкүлдөрү…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
136 0 0

Кыймылдаган кыр ашат. Белди бекем бууп, алдыга умтулуңуз.

Негизи кызык эле калкпыз. Facebook тармагына кирсең кыргыздардан өткөн акылдуу адам жок. Эки адамдын башы бириксе эле саясаттан сүйлөп, реформа, стратегия, өнүгүү механизминен кеп салат. Саясий окуялар шамалдай тарап, эл баарынан кабардар. Керек болсо кайсыл депутаттын канча акчасы бар экенине чейин билебиз. Жети атасына чейин жамандап туруп, шайлоого келгенде 1000 сомун алып шайлап коебуз да, жамандоону улантабыз. Буга далил катары бешинчи чакырылыштагы депутаттырдын көпчүлүгүнүн азыркы чакырылышта отургандыгы. Ух, убагында "ушундай катуу сындар айтылды, эми өмүр бою саясатка жакындабайт го" деп ойлогом. Жоок, ошол эле кулагын кызарта жамандагандардын көбү ЖКда отурат. Отурганы аз келгенсип, кызыкчылыктар кагылышы болууда. Кечээ күнү өлкөдөгү эң кирешелүү делген арак бизнеси тууралуу мыйзам каралып, депутаттар эки топ болуп кайым айтышты. Шайлоодогу чыгашасын акташ керек да! Айрымдар майлуу, сүттүү бизнес мурункудай калсын десе, калгандар өзгөртөбүз дейт. Анан да эл, карапайым калк үчүн дегенде күйүп эле кетесиң. Чыдабай кеткен Алтынбек Сулайманов, "эки топ болуп көмөчүңөргө күл тартып жатасыңар, ошончо болду келгиле кирешелүү бизнестерди 5-6 депутатка эле бөлүп берели" деген ачуу кебин айтты. Буга жооп катары Өмүрбек Текебаев болсо 90-жылдары Сулаймановго окшоп айтып чыккандыгын, ал кезде азыркы депутат Кожобек Рыспаев "анча-мынча" арак бизнеске аралашып калгандыгын тарс этти. 

Ал эми дагы бир депутат Дастан Бекешов ачуусу келип "мандатымды тапшырам да, монополист болуп, миллиондорду санап отура берем", деди. 

Чет жактан келген бирөө көрсө "Оп баракелде! Азаматтар ай! Эт-бетиңерден кетип, кызарып-татарып кеткенче иштейт экенсиңер! Силерге орден бериши керек!" деп айтмак. 

Кызыл чеке кайым айтышуудан улам, мыйзам долбоору артка чакыртып алынды. Сулайманов, Бекешовдор чырылдаган бойдон калды го, чиркин! Ошентип парламент кечээ анык жүзүн көрсөттү.

Айтылган ачуу кептер азыраак болуп калды окшойт, мен да "тарс" этем, азыр карап тургула деген Тазабек Икрамов "чайпалган жүргүнчүлөр жаман жүдөттү да, тыгын силердин айыңардан болуп жатат" деп "пырс" этип алды. Албетте ою жакшы болчу. Бирок жеткиликтүү айтылбай калып, фейсбуктагы профессорлордун илимий, саясий-экономикалык сындарына кабылды.

(2:34 / 19.42Mb / )
© Видео / Талгат Бакиев
Мушташ, бычакташуу, өлүм — тараптардын жүйөлөрү

Эл өкүлдөрү майлуу, сүттүү тармактарды талашып жатканча эки айылдын балдары урушуп, бирөөсү каза болду

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.30 (сатып алуу) жана 69.43 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 37.50 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.50 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Саясаттан азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштейли.

Жакшылыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.

Белгилер:
аба ырайы, валюта, Бурадар