Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар жаайт

© пресс-служба мэрии города БишкекКар тазалап жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери. Архив
Кар тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Эртең, 22-декабрда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Церемония зажжения главной новогодней елки на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда Бишкекте кар жаап, суук болот
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Талас жана Чүй облусунда 1 градустан 2 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көлдө 3 градус жылуу болот. Ал эми Нарын облусунда 11 градус суук болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0