Валимжан Таңырыков 1938-жылы Жалал-Абаддын Сузак районундагы Үч-Малай айылында туулган. Көк-Жаңгак шаарындагы орто мектепти аяктагандан кийин 1956-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде билим алган.
1961-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, СССР Коргоо министрлигинин Москвадагы Чет тилдер институтунда окуйт.
1963-жылы котормочу катары Сирия Араб республикасына жиберилет.
1968-жылы Фрунзеге жөнөтүлүп, Токмоктогу авиация базасында кызмат өтөп, котормочу, саясий-тарбиялык иштер боюнча инструктор болуп иштейт.
Учурда Бишкек гуманитардык университетинде профессордун милдетин аткаруучу.