2013-жылы Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин Коммуникация факультетин аяктаган. 2013-жылы "Уя" аттуу кыска метраждуу тасмасы менен Кыргызстандагы жаш режиссерлор арасында уюштурулган "Тынчтык жана ынтымак" аттуу фестивалда гра-принин ээси болгон.
Аталган фильм Түркияда "Бактылуу үй-бүлө" фестивалында 2-орунду багындырып, Кытайда өткөрүлгөн "Рыбий глаз" сынагында "Мыкты даректүү тасма" деп табылган.
Студент кезинен баштап бир катар ЖМКларда тажрыйба топтогон, 2014-жылдан баштап 2016-жылдын сентябрь айына чейин "Кабар" агенттигинде журналист катары эмгектенген.
Учурда SPUTNIK Кыргызстан агенттигинде иштейт.