00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
08:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде курулуш сектору кандай өзгөрүүдө — курулуш материалдары жетишсизби?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Конец «ограниченной» ответственности: почему новая реформа пугает бизнес в КР
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жумуш жана тобокелдиктер: Россияда кыргызстандыктар кандай көйгөйлөргө туш болушат?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать, если ваш ПИН совпал с чужим - советы специалистов
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандагы жеке пенсиялар: топтомолорду инвестициялоо эрежелери кандайча өзгөрөт?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом 2.0: как университеты Кыргызстана превращаются в научные хабы
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Менеджмент – ишкерликте эмнеге маанилүү?
17:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чехословак «Интергельпо» кооперативинин кыргыз мамлекеттүүтүлүгүнун түптөлүшүнө кошкон салымы
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
20:06
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
20:23
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда биологиялык коркунучтарды эрте аныктоо системасын түзүүнүн негизги максаты эмнеде?
21:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бириң — кайың, бириң — тал… Кайсынысын "сулуусу" деп атайын?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы сулуулар сынагынын катышуучусу. Архивдик сүрөт
Кыргызстандагы сулуулар сынагынын катышуучусу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убактарда сулуулук сынактары байма-бай өтүп коомдун арасында кызыгууну жаратууда. Колумнист Рахат Саламатова бул боюнча көргөн-билгендерин айтып, Кыргызстандагы чүрөктөргө назар салды.

Жакында эле Түркиянын Бодрум шаарында болуп өткөн "Дүйнө хан бийкеси-2016" сынагына Кыргызстандын эки сулуусу катышты. Бири Кыргызстандын атынан чыкса, экинчиси Орто Азиянын атынан барыптыр. Кыргызстандын атынан барган Бегимай Назарова "Достук сулуусу" титулуна татыктуу болсо, ал эми Орто Азиянын атынан Айжамал Осмонова "Орто Азиянын хан бийкеси" аталды. Бул жагдай албетте кызыгууну жаратпай койбойт. 

Кыргызстандык модель Карина Малая Дүйнө модели эл аралык сынагына катышат - Sputnik Кыргызстан
КР сулуусу "Дүйнө модели" сынагына алгач ирет катышат
Быйыл негедир Кыргызстанда жалаң сулуулардын жылы болду. Буга чейин өлкөдө кокустан бир жылдын ичинде "Кыргызстан сулуусу" сынагы эки ирет эки киши тарабынан уюштурулуп кетсе чатак чыгып, конкурстун уюштуруучулары өз лицензияларын даңктап "меникин дүйнө жүзү тааныйт" деп талашып калышар эле.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын сулуулары бир гана Кыргызстанда эмес "Дүйнө сулуусу", "Жер жүзүнүн сулуусу", "Аалам сылуусу", "Дүйнө айымы", "Аалам канбийкеси", дагы бир нерсенин сулуусу деген сынактарга катышып биринен бири ашууда. Мурда "Баланчанчы жылдын сулуусу" десе бир жыл бою бир кызды таанымыш болуп койчу элем, азыр кайсынысы кайсы конкурска катышып жаткандыгын билбей башым айланып калды. Менде эле ушундай болуп жатабы же сиздер да ушундай жагдайды байкадыңызбы? 

Эң кызыктуусу, азыркы замандын жасануу ыкмасы өзгөчө болду. Сулуулук сынактарынын катышуучулары гана эмес, жөнөкөй эле кыз-келиндер дагы өзүнчө имидж менен жүрүүнү үйрөнүп, ай сайын салондорго барып жасалма кирпик тактырып, тырмактарынын боекторун көп убакытка чейин кетирбеген "шеллак" деген нерсени койдурууну адатка айланткан. Ал эми кашындагы татуажды айтпай эле коеюн. Анан кимиси ким экенин кантип айырмалай алам?

Шиш така кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара далы бойдон калуу коркунучунда турган бишкектик кыздардын жети түрү
Бул сынактар көбүнчө кандай жолдор менен өтөрүн, ага катышуу үчүн канча каражат сарпталарын билесизби? Негизи бул конкурстардын негизги максаты эмнеде? Бул суроого чынында мен өзүм деле жакшы жооп таба албай келем. Мурда мектептерде, университеттерде бул сыяктуу конкурстар кыздын таланты, кожейке катары жасаган тамак-ашы, суроолорго таамай жооп берген интеллектуалдык деңгээлинин негизинде аныкталып келсе, азыр андай эмес. Жашоо-шарты жеңилдеген сайын, сулуулук конкурстарынын өтүү шарттары дагы Кыргызстанда жеңилдеген. 

Башкысы куурчактай кийинип бар, эл алдына чыкканда жылмай, болду, таажы сеники. Чын-чынында өзүн жакшы карап жүргөн кыздардын баары эле татынакай эмеспи, анда кыздын эмнесине карап "сулуу" деп тандалып алынат? Бул жагын жакшы түшүнө бербейм. 

Сынактардын өтүшүн изилдөө үчүн аларга бир нече ирет катышканыма карабай, жеңүүчүлөр кандай жол менен аныкталгандарын байкабай калдым. Журналист кыздын жанында уюштуруучулар сыр бербей иш кылгандарын кантейин. Мындай конкурстарда уюштуруучулар кадимкидей бизнес жасагандары жакшы эле байкалып калат экен. Сулуулар бардык шарттарды өздөрүнүн акчасына аткарып, анан дагы катышуу үчүн айрым учурда кирүү акысын төлөп, анан уюштуруучулардын тааныштарынын салондоруна барып жасанганда алардын бюджетине жакшы эле каражат түшсө керек. Ал эми демөөрчүлөрдү айтпай эле коеюн. 

14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных. - Sputnik Кыргызстан
Канчадасың, чырагым?! Апии-ий, 25тен кийин сени эч ким албайт го…
Албетте, бир жагынан Кыргызстандын сулуулары өз өлкөсүн чет өлкөгө таанытып келүүдө. Бирок кайсы сынак, кандай негизде өтүп жаткандыгын, кайсы уюм расмий Кыргызстандын атынан чет өлкөгө кыргыз сулууларын жиберүүгө укугу бар? Бул кырдаалды көзөмөлдөгөн орган бар бекен? Же ким барса да барсын, бирок мага тийишпесин деген мамилеби? Негизи эле бул боюнча тактай турган, жасай турган иштер көп. Кыргызстандын сулууларын чет өлкөдөгү сулуулук конкурстарына өлкө атынан расмий татыктуу даярдашса болмок. Антпесе, кимдин кайда, эмнеге барып, кандай титул алып келип жаткандыгын акыркы күндөрү инстаграмм жана фейсбук баракчаларынан гана көрчү болдум. 

Андан да эми кыздар бүтүп кыргыздын жигиттери да сулуулук сынактарына катыша баштады. Эми бул туурасында кеп башка.

Айтор кайсынысын "Кыргызстан сулуусу" деп атайын деген кербезим ушундай жагдайдан чыкты…

Жаңылыктар түрмөгү
0