Баарынан өндүрөбүз! Мирзиёев коррупциядан Өзбекстан канча зыян тартканын айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Былтыр пара алууга байланышкан кылмыштар боюнча 1 723 адам жоопко тартылса, быйыл беш айда эле ошончо кызматкерге иш козголгон.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Янги Узбекистон" гезитиндеги маегинде өлкөдөгү коррупциянын кесепетинен мамлекет канча зыян тартып жатканын айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Сом жана доллар купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
6 млрд. сом кайтарылды. Ташиев кимден канча акча өндүрүлгөнүн санап берди
Мамлекет башчынын айтымында, 2020-жылы пара алууга байланышкан кылмыштар боюнча 1 723 кызмат адамы жоопко тартылган. Алар тарабынан келтирилген зыяндын өлчөмү 500 миллиард сум (болжол менен 4 миллиард сом) деп эсептелген.

Ал эми быйыл жыл башынан берки беш айда коррупция беренеси боюнча 1 696 кызматкерге кылмыш иши козголгон. Мамлекетке тийгизген залакасынын суммасы 450 миллиард сумду (болжол менен 3,6 миллиард сом) түзгөн.

"Күнөөлүүлөрдөн материалдык зыяндын баары өндүрүлөт. Коомчулукта коррупцияны түп тамырынан жоюуга багытталган саясат келечекте дагы да улантылат", — деп айткан Мирзиёев.

Өзбекстан БУУнун бактылуу өлкөлөр рейтингинде 42-орунду ээлеп, Борбор Азияда биринчи сапка чыккан. Рейтингди түзүүдө коррупциянын деңгээли, ички дүң продукция, жашоонун узактыгы, өлүмдөрдүн деңгээли, коопсуздук, жарандардын эркиндиги жана туруктуулук эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0