Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу

Жазылуу
Түркстандыктарды жакында эле суу каптап эми башын жаңыдан көтөрө баштаганда, үрөйдү учурган куюн айылдагы турак-жайды, имараттарды талкалап кетти. Окуянын күбөсү табигаттын бул кубулушун видеого тартып калганга жетишкен.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Казакстандын Түркстан облусунда катуу келген куюн жергиликтүү элди кыйын абалга кептегенин Sputnik Казакстан жазды.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен. Тамдардын чатырларын кагаз сымал асманга учуруп, ал тургай бак-даракты тамыры менен жулуп кеткен.

Куюндан улам 17 үйдүн чатырлары талкаланып калган.

Окуянын кандай болгонун видеодо баяндаган жергиликтүү тургун карантин каптап турганда, куюндун бул кесепети бир топ чыгым тарттырганын кабарлаган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жакында эле бул аймактагы бир топ гектар жер Өзбекстандын аймагында турган дамбанын жырылышынан жабырланып, суу алдында калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0