Тажикстан: эл паникага алдырып, дарыканаларда эч нерсе калган жок

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүДарыкана. Архив
Дарыкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстанда коронавирус аныкталары менен дары-дармектин баасы көтөрүлүп, эл дарыканадагы препараттарды талай баштады.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Тажикстандын жарандары паникага алдырып, дарыканалардан вируска каршы жана иммунитетти көтөрчү дары-дармектерди талап жатканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

“Эл вируска каршы, иммунитетти көтөрчү, дене табын түшүрчү, какырык чыгарчу дарыларды жана антибиотиктерди бир нече күндүн ичинде сатып алган. Дары-дармектин кийинки партиясы келе элек”, — деп жазылат кабарда.

Ошол эле учурда айрым шаарларда медициналык препараттардын баасы төрт эсе көтөрүлүп кеткени айтылууда.

Эске салсак, Тажикстанда алгачкы коронавирус жуктургандар 30-апрель күнү аныкталган. Акыркы суткада вируска 102 киши кабылып, оорулуулардын жалпы саны 230га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0