Өзбекстан: коомдук жайларда маска тагынбагандар айып төлөмөй болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУсиление санитарного контроля в аэропорту Толмачево
Усиление санитарного контроля в аэропорту Толмачево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда коронавирус биринчи жолу 15-мартта Франциядан учуп келген аялдан табылган. Соңку маалыматтар боюнча, аталган өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 42ге жетти.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өзбекстанда коомдук жайларда бет кап тагынбагандар айыпка жыгылмай болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги ыкчам штабына шилтеме берип жазды.

"23-марттан тарта республиканын бардык аймагында маскасы жок жүрүүгө тыюу салынат", — деп айтылган маалыматта.

Достопримечательности Нур-Султана - Sputnik Кыргызстан
Бир киши 5 килограммдан көп азык албайт. Нур-Султандагы чектөөлөр
Ал эми 25-март күнү саат 6:00дөн тарта бул эрежени бузгандар 223 миң сум (1962 сом) төлөйт. Эгер кайрадан эрежени бузса, 669 сумга (5887 сом) айыпка жыгылат.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирус биринчи жолу 15-мартта Франциядан учуп келген аялдан табылган. Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 42ге жетти. Бул өлкөдө да массалык иш-чаралар токтотулуп, ЖОЖдор, мектептер, бала бакчалар жана башка жайлар карантинге жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0