Казакстанда той өткөрүүгө тыюу салынды

Жазылуу
Казакстандын президентинин чечими менен 16-марттан тарта 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилген. ӨК режиминде массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушталган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу тойлорду өткөрүүгө тыюу салынды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Коңшу мамлекеттин башчысы Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уалинин айтымында, коронавирустун тарашынан улам эл көп чогулган майрамдар, турнирлер жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

"Мындай иш-чараларды кийинчерээк өткөрүү сунушталат", — деген Уали.

В школах Забайкалья прекращены занятия после выявления в регионе коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда коронавирустан улам мектеп, бакча, ЖОЖдор жабылмай болду
Белгилей кетсек, Казакстандын президентинин чечими менен 16-марттан тарта 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилген. ӨК режиминде соода-сатык жана көңүл ачуучу борборлордун, кинотеатр, театр, көргөзмө жана башка эл көп топтолгон объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу чечими да каралган.

Казакстанда COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган. Алгач ооругандар экөө болсо, бүгүн сегизге чейин өстү.

Жаңылыктар түрмөгү
0