Казакстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 8ге жетти

© REUTERS / Pavel MikheyevСитуация в Алматы из-за вспышки коронавируса в мире
Ситуация в Алматы из-за вспышки коронавируса в мире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекетте коронавирус жуктуруп алгандардын саны сегизге жетти. Бейтаптардын баары чет мамлекеттен келгендер.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда дагы эки кишиден коронавирус аныкталганын Sputnik Казакстан жазды.

Распространение коронавируса в мире  - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстанда коронавирус катталды. Учурда эмне болуп жатат
Маалыматта анын бири 12-март күнү Италиянын Милан шаарынан Нур-Султанга учуп келген казакстандык аялдын күйөөсү болуп чыкты. Ал эми экинчи бейтап Түштүк Кореядан келген.

Ушуну менен коңшу өлкөдө коронавирус жуктуруп алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турган адамдардын саны сегизге жетти. COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган.

Ал арада бүгүн, 15-мартта, Өзбекстанда да коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам аныкталганы кабарланды. Анын Франциядан келгени айтылууда. Коңшу өлкөдө учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билсеңиздер болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0