Өзбекстан туристтердин айынан кайрадан дрон учурууга уруксат бергени жатат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКвадрокоптер. Архив
Квадрокоптер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкө 2015-жылдан бери пилотсуз учуучу аппараттарды асманга коё берүүгө мыйзам менен тыюу салган. Аны асманга коё берүү үчүн тиешелүү органдан атайын уруксат алуу зарыл.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өзбекстан бийлиги дрон учурууга тыюу салган мыйзамды кайра карап чыгууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

10-летие открытия базы ОДКБ в городе Кант в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда пилотсуз башкарылчу учактар пайда болот. Документке Путин кол койду
Эске салсак, коңшу өлкө 2015-жылдан бери пилотсуз учуучу аппараттарды асманга коё берүүгө мыйзам менен тыюу салган. Аны учуруу үчүн тиешелүү органдан атайын уруксат алуу зарыл. Былтыр дронду Өзбекстандын аймагында учурбаса дагы, сатып алгандыгы үчүн эле айып пул салуу чечими кабыл алынган.

Эми өлкө бийлиги дрон туризмди өнүктүрүүгө жардам бериши мүмкүн деген пикирге келди.

"Эгер пилотсуз учуучу аппараттарга уруксат берсек, туристтер Өзбекстандын кооз жерлерин видеого жана сүрөткө тартып кетишет. Бул өлкөбүздү таанытууга жардам болот", — деп айтылат макалада.

Учурда бул боюнча петицияны колдоп 3,8 миң киши добуш берди. Мыйзамды кайра карап чыгуу үчүн 10 миң жарандын макулдугу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0