Кытай: коронавирус жуктуруп алганын жашыргандар өлүм жазасына тартылат

© REUTERS / THOMAS PETERРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда учак, поезд жана автобус менен жүрүүгө тыюу салынды. Эпидемия пайда болгон аймактан келгендер эки жума карантинде болушу шарт. Андан баш тарткандар да жазаланат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кытайда COVID-2019 коронавирусун жуктуруп алганын жашыргандарды, бейтаптын абалы тууралуу туура эмес маалымат тараткандарды өлүм жазасына тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жүрөк түшөт! Ухандык дарыгерлер бет каптан калган тактарын көрсөттү
Сот, мындан тышкары, саякаттап келгенин да ачыктабай койгон аракеттерди кылмыш деп эсептемей болду. Ооруп, аны башкаларга жуктуруп жайылткан бейтап эми коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан адам катары таанылып, кеминде 10 жылга кесилгенден тарта өмүр бою эркинен ажыратылат. Андан сырткары, өлүм жазасы да каралган.

Мындан улам Кытайда учак, поезд жана автобус менен жүрүүгө тыюу салынды. Эпидемия пайда болгон аймактан келгендер эки жума карантинде болушу шарт. Андан баш тарткандар да жазаланмакчы.

Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 70 548. Анын ичинен 10 844 киши сакайып, 1770и көз жумду.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0