9 жаштагы уулун түн ортосунда талаага унутуп кеткен ата-эне. Казакстандагы окуя

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүСильные морозы в Томске
Сильные морозы в Томске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-февраль күнү саат 23.30дар чамасында Кызыл-Ордо облусунда болгон. Кийин жол жээгинде жалгыз жүргөн тестиерди жол инспекторлору таап алган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Казакстанда түн ортосунда тыныгууга токтогон ата-эне тогуз жаштагы баласын капысынан талаага калтырып кетишкен. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Окуя 1-февраль күнү саат 23.30дар чамасында Кызыл-Ордо облусунда болгон. Кийин жол жээгинде жалгыз жүргөн тестиерди жол инспекторлору таап алган.

Шестилетний мальчик едет за рулем Gelandewagen в Алматы — отец наказан. Видео - Sputnik Кыргызстан
Алматыда Gelandewagen айдаган 6 жашар баланын атасы жазаланды. Видео
Баланын полицияга айтып бергенине караганда, ал автоунаанын арткы орундугунда уктап жаткан. Ата-энеси унаа токтотуучу жайга токтоп, сыртка чыгып кетишкен. Ошол маалда бала ойгонуп, заара ушатуу үчүн сыртка чыккан. Дал ушул учурда айдоочу менен жубайы келип, машинага шаша-буша отурган бойдон айдап кетип калышкан. Ал эми баласынын кыйкырган үнү аларга угулган эмес.

Жол инспекторлору жакын жердеги постторго LADA Vesta үлгүсүндөгү автоунааны тосуу боюнча тапшырма берип, көп өтпөй бейкапар ата-эне табылган.

Кызыгы, жубайлар баласынын автоунаада жоктугун полиция кызматкерлери айткандан кийин гана билишкен. Ошентип кыш чилдеде түн ортосунда талаада калып калган тестиер аман-эсен ата-энесине жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0