Хабиб Нурмагомедов Алматы шаарынан батир сатып алды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүUFC боюнча жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов. Архивное фото
UFC боюнча жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык спортчу Алматы шаарына 25-декабрда өтчү Gorilla Fighting Championship 23 турнирине сыйлуу конок катары чакырылган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. UFC боюнча жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов Алматы шаарынан батир сатып алды. Бул тууралуу ал Sputnik Казакстан агенттигине күйөрмандары менен жолукканда билдирди.

Россиялык спортчунун айтымында, сапарда жүргөн маалда токтоп эс алуу үчүн ушундай кадамга барган.

"Мен Алматыдан батир алдым. Бул жакка келгенде мейманканада эмес, өз үйүмдө түнөгүм келет. Өз үйүң болсо жакшы да. Меним оюмча, казак туугандар деле бул жакта өз үйүмдүн болгонун кубануу менен кабыл алышат", — деди Нурмагомедов.

Заслуженный тренер России, отец и тренер бойца ММА Хабиба Нурмашомедова Абдулманап Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Хабибдин атасы UFC уюмунун башчысынын айткандарына жооп берди
Хабиб Нурмагомедов Алматы шаарына 25-декабрда өтчү Gorilla Fighting Championship 23 турнирине сыйлуу конок катары чакырылган. Мушкер өзүнүн командасына кирген UFC турнирлеринин катышуучусу Зубайра Тухугов, Ислам Махачев менен келген.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедовдун атасы Казакстандагы АКШнын консулдугу аркылуу Америкага виза алууга ниеттенгендигин билдирген. Себеби Абдулманап Нурмагомедовго виза берилбегендиктен ал баласынын АКШдагы беттешине бара алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0