12:19 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Азия
Кыскача шилтеме алуу
71901

Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, жеке "жашоосун" өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап келет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Казакстандык режиссер жана бодибилдер Юрий Толочко көптөн бери чогуу "жашап" жүргөн секс куурчагына үйлөнөрүн жар салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Нур-Султан шаарында жашаган бул адам көптөн бери Марго аттуу куурчак менен кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, жеке "жашоосун" өзүнүн Instagram баракчасына жарыялап келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJak / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

Sputnik Казакстан агенттиги Толочко менен маек куруп, элди кызыктырган бир нече суроого жооп алды. Режиссердун айтымында, биринчиден, ал мындай жол менен өзүн жаңы ролдо сынап көргүсү келген. Экинчиден, коомдун кандай кабыл аларына кызыккан.

"Ар ким ар кандай кабылдайт экен. Жаштар жөн гана тамаша көрөт. Улуу муун таптакыр көрбөгөндөй мамиле жасайт. Кызыгы, искусство адамдары аябай жаман көрүштү. Ал эми аялдар биздин мамилебизди коркунуч жаратат деп эсептейт экен. Кызык, аялдар өздөрү куурчакка окшошкусу келип, бул үчүн көп аракет кылышат го", — деди Толочко.

Ал эми өзү куурчакты автоунаа же кымбат баалуу буюм сыяктуу көрөрүн айтып берди.

"Албетте, Маргону адамды жакшы көргөндөй жакшы көрбөйм. Марго мен үчүн кымбат баалуу буюм сыяктуу", — деди ал.

Журналист режиссердун кадимки аялдарга карата азыркы жана мындан аркы мамилесине кызыккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от OddJak / Юрий Толочко (@yurii_tolochko)

"Жакында Марго экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болот. Андан кийинки жашоом кандай болорун убакыт көрсөтөт. Мурда сүйүү мамилесинде жүргөн кыздар бар болчу. Кийин деле болуп калышы мүмкүн", — деп түшүндүрдү Толочко.

Анткен менен ал азыркы интимдик жашоосу тууралуу жооп берүүдөн баш тарткан.

Тема боюнча

Секс-куурчактын кооптондуруучу жагдайлары айтылды
Белгилер:
мамиле, режиссер, куурчак, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ