Нурсултан Назарбаевдин укуктары кеңейди. Эми ал кадр иштерине кийлигише алат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти эми мамлекеттик маанилүү кызмат орундарга кишилерди дайындоодо Коопсуздук кеңешинин башчысы менен кеңешип иш кылат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин укуктарын кеңейтти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Документ нормативдик актылардын маалыматтык укуктук системасынын сайтына жарыяланды. Ага ылайык, президент тышкы иштер министринен башка министрлерди Коопсуздук кеңешинин төрагасы менен кеңешкенден кийин гана дайындай алат. Учурда Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев.

Андан сырткары, түздөн-түз президентке баш ийген мамлекеттик органдардын башчыларын дайындоодо дагы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу керек.

Первый президент Казахстана Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
Ордума калтырчу адамды туура тандаганымда күмөнүм жок. Назарбаевдин билдирүүсү
Президентке баш ийген мамлекеттик органдарга төмөнкүлөр кирет: мамлекет башчысынын администрациясы, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, "Сырбар" тышкы чалгындоо кызматы, президенттин коргоо кызматы, республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөгөн эсеп комитети, президенттин иш башкармалыгы, коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги.

Мындан тышкары, республикалык маанидеги район, облус жана шаар башчыларын дайындоодо дагы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу керек.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган президент Нурсултан Назарбаев быйыл, 2019-жылы 20-мартта кызматын өткөрүп берген. Анын ордуна буга чейин сенаттын (жогорку палата) төрагасы болуп келген Касым-Жомарт Токаев келген. Назарбаев болсо Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана Nur Otan партиясынын лидери бойдон калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0