00:19 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Хакер. Архив

Казакстанда хакерлер Элдик банктын 200дөн ашуун кардарынын акчасын уурдады

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Азия
Кыскача шилтеме алуу
104 0 0

Бир жумадан бери хакерлерге алдангандардын саны өсүп жатат.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Казакстанда Элдик банктын эки жүздөн ашуун кардары хакерлердин тузагына түштү. Бул тууралуу өлкөнүн Кибер чабуулду иликтөө жана анализдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, хакерлер homebank.kz тиркемеси аркылуу бир жумадан бери чабуул жасап жатат.

"Бул жумада эле 210 кардар хакерлердин homeebank.com деген жасалма тиркемесине ишенип, сыр сөзүн берип алган. Аны менен катар эле алдангандардын саны улам көбөйүп жатат. Ушул эле команда Казакстандан сырткары Грузиядагы бир банкка да чабуул койгон", — деп айтылат Кибер чабуулду иликтөө жана анализдөө борборунун маалыматында.

Банктын кардарларына жасалган чабуулда Түркиянын ip-дареги жана жабдыктары колдонулганы белгиленет.

Элдик банктын маалымат катчысы Sputnik Казакстан агенттигине хакерлер алдамчылыкты көздөгөн сайт жасап, социалдык тармакка жарнама жайгаштырып кардарларды тузакка түшүрүп жатканын ырастады. Мындай жарнаманы кардарлардын логини менен сыр сөзүн мыйзамсыз түрдө алуу үчүн таратышканын айтууда.

Шылуундар элди өзүнө тартуу үчүн автоунаа, смартфон жана башка баалуу байгелерди ойнотууда. Мындан улам алар азгырылып, чыныгы интернет-русурска окшош Homeybank.com, Hometbank.com жана homeebank.com деген сайттарга кирип кетүүдө.

Тема боюнча

Казакстандагы 11 миллион кишинин жеке маалыматы интернетке тарап кетти
Белгилер:
банк, кардар, акча, шылуун, хакерлер, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ