БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бүгүн Арыс шаарынын тургундары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Тургундарды кайрадан өз шаарына автобус менен алып келүү иш-чарасын алар эвакуацияланган Шымкент шаарынын жетекчилиги уюштурду.
Буга чейин Туркестан облусунун башчысы Умирзак Шукеев шаар толугу менен жарылуучу каражаттардан тазаланганын билдирген.
Белгилей кетсек, 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында жарылуу болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган. Жарылуудан үч адам көз жумуп, 90го жакын адам ооруканага жаткырылган. Аталган шаарда 43 миң киши жашайт.