БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин орозо аяктар алдында аш басып жаткан сүрөтү интернет айдыңына чыкты. Бул туурасында маалыматты анын кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырган.
"Кээде атам биздин үй-бүлөлүк майрамдагы дасторконго ашты өзү басат, биз жардам беребиз. Арапа күнүңөр менен куттуктайм!", — деп жазган президенттин кызы.
Эске салсак, бүгүн орозонун акыркы күнү. Эртең айт майрамы.
Буга чейин орозонун акыркы күнү 3-июнь деген маалыматтар да тарап кеткен. Бирок Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы бул натуура экенин айткан.
Айт 5-июнда Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Япония, Дагестан жана Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу араб мамлекеттеринде да белгиленет.