14:08 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Азия
Кыскача шилтеме алуу
3814 0 0

Кызга карата кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Өзбекстандын Бухара шаарынын тургуну шылуун кызга курмандык болуп, аз жерден 128 миллион сумга чыгым болуп кала жаздады. Бул тууралуу укук коргоо органдарына шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

"Ушул жылдын апрель айында "олжо" издеген кыз тааныш жигит менен мейманканада түнөп, болгон нерсенин баарын видеого тартып алган. Ошондон бери ооз басырыкка Gentra автоунаасын сурап, "болбосо үй-бүлөң менен досторуң бул видеону көрөт" деп коркутуп жүргөн", — деп жазылат макалада.

Айласы кеткенде жигит укук коргоо органдарына кайрылган. Качан кыз өзүнө жаккан унаа таап, 128 миллион сумдук келишимге кол койдурганы көңүлдөшүн алып барганда экөөнү ал жерден милиция кызматкерлери күтүп алган.

Кызга карата кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

Тапанча такап коркутуп... Нур-Султандагы дүкөндү карактаган кишинин видеосу
Сатуучуну бычак менен коркутуп... Бишкектеги дүкөндөн тартылган видео
Белгилер:
видео, коркутуу, жигит, кыз, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ