17:09 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Модель, экс-депутат Динагүл Тасова Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгында

Чуулуу экс-депутаттын төшүн кайрадан жылаңачтап чыккан сүрөтү жарыяланды

© Sputnik / Абзал Калиев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
573301

Динагүл Тасова бул сапар грузиялык дизайнердин колунан чыккан көйнөктү кийип чыкты.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Модель, экс-депутат Динагүл Тасова Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгына катышып, анда кийип чыккан көйнөгү интернет айдыңында көп сөздүн башы болду. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Модель Динагул Тасова на открытии Kazakhstan Fashion Week
© Sputnik / Абзал Калиев
Модель, экс-депутат Динагүл Тасова Kazakhstan Fashion Week мода жумалыгына катышып, анда кийип чыккан көйнөгү интернет айдыңында көп сөздүн башы болду

Анда Тасова дене көрүнүп турган жука кездемеден тигилген көйнөктү көкүрөк капсыз кийип чыккан.

Модалуу көйнөктүн автору грузин дизайнери Кети Чхиквадзе экени айтылды.

Мындай маанайдагы сүрөт экс-депутаттын биринчи учуру эмес. Буга чейин да жарым жылаңачтанып чыккан. Анда декабрь айынын башында Fashion Night Astana мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда подиумга кийип чыккан үлбүрөк көйнөктүн көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Сүрөтүн өздүк баракчасына жүктөгөндөн кийин казакстандык интернет колдонуучулар аны катуу сынга алган.

Ал 2018-жылдын ноябрь айында "Топ модель СНГ-2018" сынагынын жеңүүчүсү болуп, "Медиамодель" титулун алган.

Тема боюнча

Казак депутаты мода жумалыгында төшүн көрсөтүп, соцтармакты чуу кылды
Белгилер:
модель, депутат, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ