Димаш Кудайберген гонорарын эмнеге коротот? Ата-энесинин маеги

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүКазакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив
Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат менен Светлана Айтбаевдер алардын уулу Димаштын чыгармачылыгы акча табуу ниети менен байланышкан эмес дейт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Димаш Кудайбергендин ата-энеси — Канат менен Светлана Айтбаевдер "Қарақатпен шай" ("Каракаттын чайы") деп аталган берүүдө ырчы гонорарын эмнеге короторун айтып беришти.

Алардын айтымында, уулунун иштеп тапкан акчасы командасына кесипкөйлөрдү жалдоого кетет. Маселен, бир эле ырдап чыкканда 25 музыканттан турган оркестр коштойт.

"Концерттерге катышкан бийчилерге да гонорар төлөнөт, андан сырткары, клипке жумшалат", — деп айткан атасы Канат Айтбаев.

Ал Димашка Канада, Корея, Япония, Франция, Германия, жакынкы аймак — КМШ өлкөлөрүнөн чакыруулар түшүп жаткандыгын билдирди.

"Димаш Москвада концерт берет да, андан соң дароо эле Германияга жөнөйт. Бир дем менен бүтүндөй бир гастролдук турду уюштура албайбыз. Биринин артынан экинчисин кылабыз", — деди Димаштын атасы.

Ал Кремлде бериле турган концерттин билеттери 22-мартта сатылып кеткендигин билдирди. Андыктан, чыгармачыл кечени дагы бир ирет — 23-мартта өткөрүү чечими кабыл алынган.

Мальчик из Казахстана покорил Меладзе и Лободу на шоу Голос.Дети. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык тестиер өзгөчө үнү менен Меладзени таң калтырды. Видео
"Уюштуруучулар Димашка ушундай сунуш кылды. Фонограммасыз, өзүнүн үнү менен эки саат ырдоо үчүн көп күч керек. Димаш бул идеяны кош колдоп кабыл алды. Кудай буюрса, уулубуз Москвада эки күн катары менен концерт берет", — деди Айтбаев.

Ырчынын атасынын айтымында, Димаш тапкан акчасын өзүнүн жашоо-турмушундагы муктаждыктарга жумшайт. Искусство ал үчүн баарынан өйдө турат.

"Андыктан акчага анча деле байланбайбыз. Димаш рекламага көп деле акча коротпойт", — деген ал.

Программа учурунда уулун дүйнөнүн 114 өлкөсү билерин, ар бир мамлекетте анын фан-клубдары бар экендигин кошумчалаган.

Эске сала кетсек, Димаш Кудайберген америкалык The World's Best шоусуна катышат. 8-мартта финалдык этаптын алдыга чыккан катышуучулары боюнча маалымат жарыяланды. Ал рейтингде биринчи орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0