Мына сага! Тажикстанда 8 килограммдык ымыркай төрөлдү

© AP Photo / Timothy D. EasleyЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын атасы мурдагы тукумдары, чоң аталары алп кишилер болгонун айтып, бөбөктү аларды тартып калса керек деп божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Тажикстанда  сегиз килограммдык уул төрөлгөндүгүн "Россия для всех" сайты жазды.

Регионы России. Чукотский район Чукотского автономного округа - Sputnik Кыргызстан
Төрт айда калктын саны канчага көбөйдү? Ымыркай көп төрөлгөн аймактар
Ымыркай 8-июль күнү Хатлон облусундагы Куляба шаарында жарык дүйнөгө келген. Салмагы сегиз килограмм, бою 60 сантиметрлик бала кесарева жолу менен жарыкка келди.

Ымыркай жаңы туулганда салмагынан улам анын абалы оор деп эсептелип жаткан. Бирок төрт күндөн кийин абалы турукташып, салмагы 7,2 килограммга түшүп калган.

Баланын атасы тукумдары, чоң аталары алп кишилер болгонун айтып, бөбөктү аларды тартып калса керек деп божомолдоп жатат.

Эске салсак, жакында эле Бишкекте 6 килограммдык ымыркай төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0