Баатыр эмей эмне! Бишкектик келин 6 килограммдык уул төрөдү

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЖительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг
Жительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне-баланын ден соолугу жакшы экени айтылды.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектик келин салмагы алты килограммга жеткен уул түрүдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Тез жардам башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Ымыркай Бишкек шаарындагы № 1 төрөт үйүндө жарыкка келди. 34 жаштагы келин салмагы — 6 килограмм 230 грамм, бою — 58 сантиметрлик уул төрөдү.

"Буга чейин мындай салмактагы балдар төрөлө элек болчу. Эң чоңу 5 килограммдан ашыгыраак эле", — деди Асылбашева.

Бул үй-бүлөнүн бешинчи баласы. Буга чейин келин эгиз төрөгөн. Асылбашеванын айтымында, эне-баланын ден соолугу жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0