09:36 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3208
  • EUR78.9344
  • RUB1.0664
Костюмчан адамдар. Архив

Тажикстандын аткаминерлери көнүгүү жасоого милдеттендирилди

© Sputnik / Григорий Сысоев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
9410

График боюнча көнүгүү жасоону өткөн ишембиде Курулуш жана архитектура комитетинин кызматкерлери баштап берген

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Тажикстандын мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлерге ишемби күнү эртең менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап туруу милдети коюлду. Бул тууралуу журналисттерге аталган өлкөнүн Жаштар иши жана спорт комитетинин башчысы Ахтам Абдуллозод билдиргенин Sputnik Тажикстан агенттиги кабарлады.

Маалыматта жазылгандай көнүгүү жасоо идеясы президенттин аткаруу аппаратына таандык.

"Планга ылайык, эртең мененки көнүгүү ар ишемби сайын жыл аяктаганча бардык шаар, райондордо жасалмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Былтыркы жылдын январь айынан баштап аталган өлкөнүн күч түзүмүндө иштеген кызматкерлер көнүгүү жасоо, чуркоо жана сууга сүзүү боюнча жумасына эки жолу машыга башташкан. Ашыкча салмактан арылтуу үчүн аларды спорт менен алектенүүгө министр Рамазон Рахимзод милдеттендирген.

График боюнча гимнастика жасоону өткөн ишембиде Курулуш жана архитектура комитетинин кызматкерлери баштап берген.

Келе жаткан ишембиде таңкы саат 7:00дө көнүгүү жасоого Теле радио берүүлөр мамлекеттик комитети, Жер бөлүштүрүү комитети, Үй-бүлө жана аялдар комитети, Айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин кызматкерлери жана педагогикалык университеттин студенттери чыгышмакчы.

Тема боюнча

Кытай: жүздөн ашык аткаминер коррупция үчүн кесилди
Казакстан латын арибине кадам таштады. Назарбаев жаңы алфавитти бекитти
Белгилер:
Спорт, көнүгүү, машыгуу, Тажикстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ