Денесинен 16 ийне табылган ымыркай чарчап калды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер ымыркайды рентгенге тартканда денесинде белгисиз нерселер жүргөнү аныкталган

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Денесинен кийим тиккен 16 ийне табылган ымыркай көз жумганын Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Баланын чарчап калганын Өзбекстандын Демократия жана адам укуктары институтунун директору Сайёра Ходжаева Facebook баракчасына жазып чыккан.

"Тилекке каршы, бүгүн наристе көз жумду", — деп жазды Ходжаева.

22-январда РИА Новости агенттиги Фергана облусунун дарыгерлери ымыркайдын денесинен ийне таап чыкканын жазган.

Сүрөткө түшүп жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Канадада курбусун өлтүргөн кыз селфиден улам полицияга кармалып калды
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү анализдерден кийин ийнелер ымыркайдын организминде 1-1,5 жарым айдан бери жүргөнү аныкталганын маалымдаган.

Медициналык борбордун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Хабибулла Акимов kun.uz басылмасына ийнелер ымыркайдын денесинин ар кайсы бөлүгүндө болгонун айтып, ал анын баарын өзү жутуп алышы мүмкүн эместигин белгилеген.

Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталган факты боюнча иликтөөсүн улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0