14:03 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Портрет покойного президента Узбекистана Ислама Каримова в аэропорту Самарканда. Архивное фото

Бүгүн Өзбекстанда Ислам Каримовду эскерип жатышат

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

Каримов мындан туура бир жыл мурда, дал бүгүн жүрөгү кармап дүйнө салган

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өзбекстандыктар бүгүн өлкөнүн биринчи президенти Ислам Каримовду эскерет. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Каримов мындан туура бир жыл мурда жүрөгү кармап дүйнө салган. Ал Өзбекстанды 30 жыл башкарган. Өзбекстан башчысы каза болгондон кийин сөөгү туулуп-өскөн Самарканд шаарына жерге берилген.

Ал эми былтыр декабрь айында өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, бийлик башына мурдагы өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев келген.

2017-жылдын январь айынын соңунда жаңы президент мурдагы президенттин элесин түбөлүккө калтыруу максатында 2-сентябрды, анын каза болгон күнүн Каримовду эскерүү күнү деген Жарлык чыгарган.

Ташкенттеги эл аралык аэропорт менен техникалык университетке, Анжияндагы автомобиль чыгарган заводго, Ферганадагы Искусство сарайына Каримовдун ысымы ыйгарылган.

Ноябрь айында анын жесири Татьяна Каримова менен кенже кызы Лола Каримова-Тилляева "Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кайрымдуулук фондусун" түптөгөн.

Тема боюнча

Лола Каримова атасын сагынып жаткандыгын жазды
Кыргызстандан барган делегация Каримовдун зыйнатында турду
Белгилер:
эскерүү, Шавкат Мирзиеев, Ислам Каримов, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ