Эмомали Рахмон хиджаб кийген жана сакал койгондорго кандай пикирде экенин айтты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүТажикстандын өлкө башсычы Эмомали Рахмондун архивдик сүрөтү
Тажикстандын өлкө башсычы Эмомали Рахмондун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстандын президенти өз элин тажик тилине жана улуттук кийимине өзгөчө көңүл бурууга чакырды

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Тажикстандын өлкө башсычы Эмомали Рахмон хиджаб жана сакал боюнча өз пикирин билдирип, тажик элин өз тилине жана улуттук кийимине жакшылап көңүл бурууга чакыргандыгы тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Рахмон улуттун тили мамлекеттүүлүктүн башкы көрсөткүчү экенин баса белгилеген.

"Тилди коргоо, сөздөрдүн туура айтылышын, жазылышын көзөмөлдөп, сөз байлыкты көбөйтүү — ар бирибиздин милдетибиз. Өзгөчө коомдук жайларда, иш-чараларда адабий тилде сүйлөөнү адатка айландырышыбыз керек", — деди Рахмон.

Намаз окуп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ислам динин арабдардын маданияты менен алмаштырбоо керектигин айтты
Президенттин айтымында, акыркы убактарда интернеттин жана заманбап технологиялардын өсүшү менен өзгөчө аялдар арасында бөтөн элдин кийимин кийүүнү пропагандалаган топтор пайда болду.

"Айрым кыз-келиндер динди жан дүйнөдөн эмес, сырткы келбеттен көрүп жатышат. Кудайды жүрөк менен таануунун ордуна, өзүбүздүн каада-салт, менталитетибизден алыстап, аялдар хиджаб кийип, эркектер сакал коюну туура көрүп жатышат. Мен дагы бир жолу айтып коеюн, глобалдашуу доорунда мамлеккеттин жок болуп кетишин каалаган айрым адамдар алгач тилди, андан соң маданиятты жок кылууга жан үрөшөт", — деди тажик лидери.

Эмомали Рахмон тиешелүү органдарды мындай негативдүү тенденцияны жайылтууга каршы туруу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0