Кытайда аялды тоногон ууру кокустан полиция участогуна кирип кеткен

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОИ - 2012. Легкая атлетика. Спортивная ходьба. Мужчины. 50 км
ОИ - 2012. Легкая атлетика. Спортивная ходьба. Мужчины. 50 км - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыш кылган ууру көпкө узабай өз эрки менен колго түшкөн.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кытайда көчөдөгү ууру кылмыш кылган жеринен качып баратып, кокусунан полиция кызматкерлеринин жайына түшүп калган. Бул тууралуу Кытайдын CCTV маалымат агенттиги кабарлады.

Шэньчжэнь шаарында катталган кызыктуу окуя сырттагы видеокамерага түшүп калган. Видеону аталган маалымат агенттик өзүнүн YouTube каналына жүктөгөн.

Көрүнүп тургандай жолдон өтөйүн деген аялдын колунан ууру телефонун жулуп качып жөнөйт. Жабыркаган аял анын артынан кубалап барып, бирок жолдон чалынып жыгылып түшөт.

Качып баратып ууру кайтаруудагы аймакка кирип, полиция кызматкерлеринин иштеген жайына туш келгенин байкайт. Бул учурда окуянын күбөлөрү жана жабыркаган аял да жетип келип, ал качаар жери жок колго түшүрүлгөн.

Кийинчерээк шаардык полиция ууру алардын аймагына киргенде өзүн жоготуп койгонун жана кылмышты мойнуна алганын кабарлашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0