Кытай океан түбүн багындырган аппарат ойлоп табууга киришти

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүДайвинг в Красном море на территории Национального парка Рас-Мохаммед
Дайвинг в Красном море на территории Национального парка Рас-Мохаммед - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы ачылыш үстүндө China Shipbuilding Industry Corporation (CSIC) илимий изилдөө борборунун окумуштуулары иштөөдө.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кытай окумуштуулары океандын эң терең жерине жете турган атайын аппарат ойлоп табууга киришти. Бул тууралуу РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Кытай аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай суу алдына 5,7 чакырымга чейин түшө турган роботту сынады
Аталган аппарат ар кандай тереңдиктеги көл менен океанга экипажды жеткирүүгө багытталат. 

Жаңы ачылыш үстүндө China Shipbuilding Industry Corporation (CSIC) илимий изилдөө борборунун окумуштуулары иштөөдө. 

Белгилей кетсек, аталган илимий борбор 2012-жылы "Цзяолун" аппаратын ойлоп тапкан. "Цзяолун" жети миң метр тереңдикке чейин түшө алат. 

Долбоор боюнча башка маалыматтар азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0