12:43 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Ташкент шаары. Архив

Өзбекстанда президенттикке ат салыша тургандардын документтери БШКга берилди

© flickr.com / Aleksandr Zykov
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстандагы президенттик шайлоо (21)
386 0 0

Буга чейин саясий үч партия талапкерлеринин керектүү документтерин БШКга каттаткан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Өзбекстанда расмий түрдө катталып, президенттик шайлоого катыша турган төрт саясий партия талапкерлеринин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдетин убактылуу Шавкат Мирзиёев аркалоодо. Ал буга чейин өкмөттү жетектеп келген. Мындан кийин президенттик шайлоо өлкөдө 4-декабрга белгиленип, талапкерлер 30-сентябрдан тартып 20-октябрга чейин каттоодон өтүшү керек. 

"Ишемби күнү Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын президенттик шайлоого катыша турган талапкери – Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёев талапкерлигин каттоо үчүн бардык документтерин расмий түрдө тапшырды", — деп билдирди БШКнын жетекчиси. 

19-октябрда аталган партия Мирзиёевдин талапкерлигин өзүнүн курултайында расмий түрдө бир добуштан бекиткен.

Андан мурда дагы үч — Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") Сарвар Отамурадовду, социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") Наримон Умаровду жана Өзбекстандын элдик демократиялык партиялары Хотамжан Кетмоновдун — талапкерлигин каттоо боюнча БШКга документтерин тапшырган. 

Аталган партиянын өкүлдөрү алардын талапкерлигин саясий бирикмелеринин курултайында бекитилгендигин билдиришкен. 

Буга чейин өлкөнүн расмий түрдө катталган төрт партиясы жыйын өткөрүп, анда президенттик шайлоого катышуунун шарттары кабыл алынган.

Тема:
Өзбекстандагы президенттик шайлоо (21)

Тема боюнча

Өзбекстанда дагы эки партия президенттикке талапкерлерин көрсөттү
Өзбекстандын БШКсы милицияны коопсуздукту сактоого милдеттендирди
Белгилер:
президенттик шайлоо, Ислам Каримов, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ