12:41 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Өзбекстандагы шайлоого даярдануу. Архивдик сүрөт

Өзбекстанда дагы эки партия президенттикке талапкерлерин көрсөттү

© AFP 2019 / MAXIM MARMUR
Азия
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстандагы президенттик шайлоо (21)
222 0 0

Алардын бири 43 жаштагы Сарвар Отамурадов, экинчиси 63 жаштагы Наримон Умаров.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өзбекстандагы улуттук-демократиялык "Улуттук кайра жаралуу" жана социал-демократтык "Адилет" деп аталган эки партия бүгүн курултай өткөрүп, өлкө президенттигине талапкерлерин көрсөттү. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Алардын бири 43 жаштагы Сарвар Отамурадов, экинчиси 63 жаштагы Наримон Умаров.

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдетин убактылуу Шавкат Мирзиёев аркалоодо. Ал буга чейин өкмөттү жетектеп келген. 

Президенттик шайлоо өлкөдө 4-декабрга белгиленип, талапкерлер 30-сентябрдан тартып 20-октябрга чейин каттоодон өтүшү керек. 

Аталган эки партиянын өкүлдөрү Сарвар Отамурадов менен Наримон Умаровдун талапкерлигин алардын саясий бирикмелеринин курултайында бекитилгендигин билдиришкен.

Алар документтерди даярдоо иштери бүтүп калгандыгын, жакында аларды Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыра тургандыктарын кошумча кабарлашкан.

Буга чейин өлкөнүн расмий түрдө катталган төрт партиясы жыйын өткөрүп, анда президенттик шайлоого катышуунун шарттары кабыл алынган.

Тема:
Өзбекстандагы президенттик шайлоо (21)

Тема боюнча

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт
Белгилер:
талапкер, президенттик шайлоо, Ислам Каримов, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ