Казакстанда террористтердин ата-энесин жазалоо сунушталып жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын Жарандык альянсынын жетекчиси Нурлан Еримбетов ар бир ата-эне баласы эмне менен алектенип жүргөндүгүн билгени үчүн ушундай өзгөртүү киргизүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Терроризмге айыпталып камакка алынган жарандардын ата-энелери баласынын кылмыштуулукка барганы үчүн жооп берүүсү керек экенин Казакстандын Жарандык альянсынын жетекчиси Нурлан Еримбетов билдирди. Бул тууралуу Новости-Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Мажилистин депутаттары сентябрь айында экстремизм менен терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү маселесин карап башташкан. Анда терроризм жана экстремизм менен кармалган кылмышкерлердин жазасын күчөтүү каралган. Өткөн шаршемби күнү мажилистин депутаттары менен коомчулук мыйзам долбоорду талкуулоону улантышты.

"Ата-энелердин жоопкерчилигин караган маселени дагы талкуулаш керек. Себеби алар баласы кайда кетип, кандай иштер менен алектенип, үйдө эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын жакшы билишет. Менин оюм боюнча кылмышкерлердин ата-энесин кошо жазалаш керек", — деп жумушчу топтун жыйынында Еримбетов билдирди. 

Ал эми адам укуктары боюнча эл аралык бюронун Казакстандагы филиалынын директору Ильяс Адилбаев мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ар бир адам өзү үчүн гана жооп берерин эскертти. 

"Мыйзам боюнча бала атасы үчүн, атасы баласы үчүн жооп бербейт. Ар бир адам өзү үчүн гана жооптуу. Жазалоону күчөтүү менен деструктивдик көрүнүштөр менен болгон күрөштө жеңилип калып жүрбөйлү", — деп билдирди Адилбаев. 

Еримбетовдун айтымында, мындай кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү маанилүү.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абад: жаш кыздарды Сирияга азгырып жүргөн эки аял соттолду
"Эмне үчүн ИИМ же прокуратура менен гана иш алып барышыбыз керек? Айылдарда канча китепкана бар? Маданият үйү, кинотеатрлар кайда?" — деп суроо салды Еримбетов. 

Ал балдардын убактысы тар болсо, алар радикалдык топторго аралашпай тургандыгын билдирди. 

Казакстанда 2017-жылдын 15-январына чейин террористтик кооптуулуктун орточо деңгээли сакталып тургандыгы Актөбөдө болгон терактынын эртеси, 6-июнда белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0